Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эдил Байсалов: “Эми жаңы борборубуз тоо жакта болот”

Эдил Байсалов: “Эми жаңы борборубуз тоо жакта болот”

16-июнь, 20:08
457 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Эдил Жолдубаевич, кечээ күнү футболдук беттешүү аяктаганда президентибиз Садыр Жапаров “жакында 22 миң кишиге эсептелген жаңы стадиондун курулушу башталат” деген жакшы кабар айтты. Бул курулуш бюджетте каралганбы, же элдин суранычы боюнча плансыз эле башталып жатабы?   

-- Бул көп жылдан бери каралып келаткан маселе. Чынында апрель айында капсулалар коюлмак. Бирок, азыркы учурда өйдө жактагы жерлердин баарын басып алышыптыр да. Сатылып кетиптир. Шылуундар аренда деп өздөрүнө жазып алган учурлар бар экен. Азыр эми жети атасынан калгансып, биз менен соттошкону турушат. Азыр ошол жерлерди четинен кайра мамлекетке алып жатабыз. Бул оңой эмес экен. Албетте, бир заматта барып туруп эле “сеники эмес, мамлекеттики” деп алып койгонго болот. Бирок, мыйзам, сот деген бар. Стадиондун орду килтейген жер да. Ошону кадимкидей бөлүп алышкан. “Бул менин жеке менчигим, 49, же 99 жылга ижарага алгам, баланча долларга кайра сатып ал” дешет. Ошолордун баарын бир участоктон, кээ бир жерлерде үч сотыхтан, үч метрден жыйнап алып жатабыз. Ал жерге стадион эле салынбайт. Көрүп атасыздар, спорт сарайыбыз аябай эскирген. Филармониябыз өтө кичинекей. Ошол сыяктуу объектелер түшөт. Борборубуз азыр өйдө карай жылып атпайбы. Президенттин ордосу жылат. Эми жаңы борборубуз тоо жакта болот.

-- Учурунда жерлерди мыйзамсыз берип салгандарга карата кандайдыр бир чаралар көрүлөбү?

-- Ачыгын айтканда, шаарды талкалагандар жүрөт кычырап. Бизге акыл үйрөтүшөт. Кээ бирлери тымпыйып отурашат. Билбейм... Азыркы бийликтин саясаты алдыга карап жылалы (!) деп атпайбызбы. Өч алуу жок. “Ушуну менен бүттү, бири-бирибизди кечиришели, жашообузду таза барактан баштайлы” деп келебиз. Экономикалык мунапыс да ошол максатта кабыл алынбадыбы. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер