Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азимбек Бекназаров: “Акаев, Бакиев, Атамбаев, Жээнбековдор Кумтөрдү коррупцияга батырышкан”

Азимбек Бекназаров: “Акаев, Бакиев, Атамбаев, Жээнбековдор Кумтөрдү коррупцияга батырышкан”

21-май, 23:17
955 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кумтөр кенин иштеткен канадалык “Центерра Голд” компаниясы   кыргыз өкмөтүнө каршы эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыялады. Сиздин пикириңизде Кыргызстандын Гаага сотунан “Центерраны” жеңүү шансы канчалык деңгээлде?

-- Гаагада сот болобу же болбой калабы, азырынча күмөн, “Центерра” тарап “Кыргызстанды сотко беребиз, жеңебиз” дегени – Кыргызстандын бийлигин дагы бир жолу сынап жатканы болуш керек. Менде толук маалымат жок, ошон үчүн ишенимдүү, бир жактуу жооп бере албайм. Бирок бул маселени көп жылдан бери изилдеп, анализдеп жүргөн адам катары айта алам, эгерде укуктук жактан мурда “Камеконун”, кийин “Центерранын” кызыкчылыгында гана кыргыз бийлиги келишим түзүп берип келгенине басым кылсак, бизде утууга толук мүмкүнчүлүк бар.

-- Бизде ошол деңгээлде коргоп бере турган адвокаттар барбы? Эгер эл аралык күчтүү адвокаттарды жалдаса миллиарддар ойногон жерде алар “Центеррага” сатылып кетпейби?

-- Адвокаттар эле эмес, эксперттер да жетишет, бирок аларды кыргыз тарап пайдаланабы, алардын кереги барбы, кеп ошондо?! Сатылбай турган адвокат, эксперттерди тандоо кыргыз бийлигинин колунда! Кыргыз бийлиги адаттарынча эл аралык сотко “Центерра” тарап тымызын таап сунуштаган адвокаттарды алышса, анда утулабыз, коомчулуктун көзүн боёмой эле болот.

-- Кыргызстан эмнеге озунуп Гаага сотуна кайрыла алган жок?

-- Кыргызстандын мурдагы бийликтери башында Б.Бирштейнге бир эле Кумтөрдү эмес, бүтүндөй кен байлыктардын баарын беришкен. Б.Бирштейндин “Сиабекосу” “Камекого”, “Камеко” “Центеррага” айланып, ал эми Акаев Бакиевге, Бакиев Атамбаевге, Атамбаевдин ишин Жээнбеков улантып, алар тескерисинче, “Центерранын” кызыкчылыгын коргошуп, “Кумтөрдү коррупциялык келишимдер менен өзүбүздүн президенттер сатып жиберишкен” дегендер Акаевдин заманынан бери эле куугунтукталып жүрүшпөдүбү! Анан ким кайрылат эле Гаага сотуна?

Тескерисинче, алар 2009-жылкы келишим менен өзүбүздүн Конституциядан да бийик кылып, Кумтөр алтын кени боюнча биздин эгемендүү укукту да жоюп коюшкан. Эч кандай сотко бере албай турган, келишимди буза албай турган кылып коюшкан эмеспи. Кумтөр үчүн кыргыз мекенчил саясатчылары ошол качкын, саткын президенттер менен 30 жылдан бери күрөшүп келишпедиби! Садыр Жапаров биринчи президент болуп жатат, “Кумтөрдү Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн иштетем” деген. Ошон үчүн баарыбыз Кумтөр эле эмес, баардык кен байлыктарда Кыргызстандын үлүшү 51 пайыздан кем болбогон чекте болмоюнча президент Жапаровго жардам беришибиз керек.

Кумтөр башынан коррупциялык келишимдер менен берилип, коррупциялык схемалар менен иштетилип жүргөнүн Кыргызстан сотко айнылгыс далилдер менен камсыз кылса, утуш биз тарапта болот. Соттор жетекчиликке ала турган  мыйзамдардын өлкөлөрү да (АКШ, Канада) коррупция боюнча эл аралык Конвенцияны ратификация кылышкан өлкөлөр. Канчалык деңгээлде Кумтөрдү кайтаруу ниетибиз бар? Маселенин баары өзүбүздө.

-- Сиз өзүңүз Кумтөр үчүн кандай иштерди аткардыңыз?

-- Менин саясаттагы өмүрүмдүн көбү Кумтөргө кеткен... Кумтөр үчүн көп адамдарга душман болдум. 2005-жылы үч кылмыш ишин козготком. Элдик демилге менен мыйзам долбоорун жаздым. Нечендеген курултайларга чыгардым. Кумтөр маселесин көтөрүшкөн үчүн 2013-жылдары ушул эле Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиевдерге адвокат болуп да жүрдүм. “Кумтөр – кыргыз коррупциясынын туу чокусу!” деп айтчумун. Дагы да колдон келген жардамды беребиз. Баары жакшы чечилет...


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер