Адахан Мадумаровго мандатын кайрып беришеби?

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров жарым жылдан ашык түрмөдө жатып, акыры сот аркылуу мандатынан ажырап, эркиндикке чыкты. Кыйла эле кордук көрдү. Бирок, бул саясый күрөш экен да. Бир кызык жагдайга токтололу. Мадумаров мандатын кайрып алуу үчүн даттануу убактысы өтүп кеткени жарыяланган. Бийлик менен тирешүүлөр болуп, кайым айтышууларды укканбыз. Натыйжада, арызы Бишкек шаардык сотто кабыл алынып, процесс жакынкы күндөрү болору каңкууланды. Таңыркай турган жагдай бекен? Ошондо Адахан Кимсанбаевич өз чындыгын айтып, даректүү аргументтерди келтирсе, кайра депутаттык креслосуна кайтып келеби? Сот кандай таризде чечет? Мыйзам иштейби, же оюн салынабы? Баам сала туралы. Эмнегедир БШК да Мадумаровдун мандатын дароо эле кийинки талапкерге өткөрүп салбай, кылчактап турганы жөн жерден эмес окшойт.
"Азия Ньюс" гезити