Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сейит Жетимишев: «Бир метр жери кыргыздын, Жүзүндөй мага нур-кыздын»

Сейит Жетимишев: «Бир метр жери кыргыздын, Жүзүндөй мага нур-кыздын»

29-апрель, 23:05
857 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эске түшөт азап тарткан мурдагым,

Эч кимге айтпай эчен төккөн ыйларым.

Ошол ыйдай жок болобу муңканып,

Кайран гана кайрыгы чын ырларым.


Муну ойлосом, жүрөк байкуш ургулап,

Карегимден капыс жашым кылгырат.

Азаптын да жарык күнү болот деп,

Аяр сезим, аяп жанды тындырат.


Ушул сезим менде жашап жаткандыр,

Же тулкума тамга болуп баткандыр.

07.08.2019


***

Сыймыктуу басам көчөмдө,

Суусасам барам өзөнгө.

Бир тамчы сууну кыйбаймын.

Сыйлабас мени бөтөнгө.


Бир метр жери кыргыздын,

Жүзүндөй мага нур-кыздын.

Ыйык жер сага сүйүүдөн,

Эстелик келет тургузгум.

07.08.2019-ж.


***

Тартылып сага сырдуу жашыл дарак,

Кечинде олтурамын сени карап,

Жанымды күйүп турган мелтиретип,

Бересиң адам бергис укмуш сабак.


Мен сенин сабагыңа таңкаламын,

Келгенсийт кээде сени аймалагым.

Сезерсиң сенде дагы жүрөк болсо,

Мен сага сезим менен байланамын.


Сен дарак жандаштайсың кишилерге,

Умтулам мен ошону түшүнөргө.

Жаныңдан жан жиберип жай алдырчы,

Жанымды ажал алып үзүлөрдө?..

27.07.2019-ж.


***

Неге сен аппак гүлдөй көрүнөсүң,

Таңдагы таза нурдай төгүлөсүң.

Неге сен топ жылдыздай сулуулардан,

Жаркырак чолпон болуп бөлүнөсүң.


Сен кайдан пайда болдуң садагасы,

Жашоонун сага тийбей касабасы.

Көйкөлүп көк теректей аман жүрчү,

Сен болуп көңүлүмдүн асабасы.


Сен барда, сен жашаган күр-дүр калаа,

Болгонсуйт жыпар жыттуу жашыл талаа.

Тагдырга миң мертебе ыраазымын,

Көргөзгөн сендей жанды күндө мага.

Көргөндө көзүм сылайт чачтарыңды.

Чачтарың көздүн нурун тартканыбы?

Билбейм!..

19.06.2019-ж.


***

Кыялымда мен эмине кыламын,

Кайтарамын тоо-эчкинин улагын.

Кирпик менен эркелетип сылаймын,

Көк өзөндүн көзгө толор тулаңын.


Кайыңды издеп какыс жытын жыттаймын,

Кайгырганда как түбүнө уктаймын.

Кытмыр жанга акча берсе алданган,

Кызыл кызды карап туруп муздаймын.


Муздаганда, муздап эмне табармын,

Музга окшоп бир мүнөткө калармын.

Муз заманга кызыл кызды кыйнаган,

Муштум түйүп да бир жаза алармын.


Далай жаза мени ушалап ийлеген,

Даамын татып, бирок башты ийбегем.

Соолуп кетем бир чындыкты айтпасам,

Соё чөптөй эч пайдасы тийбеген.

01.02.20-ж.


***

Көр оокат, сенин мага керегиң жок,

Көрөгөч мени элээр элегиң жок.

Кокустан элек таап элеп калсаң,

Жанымдан бөлүнчүдөй кебегим жок.

24.02.2022


***

Күлкүгө күлдүрчү деп табынамын,

Күйүткө күчүм жетпей таарынамын.

Самаган сайдын суусун сары чөптөй,

Сүйүүнү өмүр бою сагынамын.


Тагдырга күлкү бер деп жалынамын,

Сүйүүгө, күйүүгө да кабыламын.

Ажырап калган күнү булардан мен,

Ажалга айла издебей багынамын.

24.02.2020-ж.


***

Чыныгы сөз чындыгында дарыдай,

Арам сөздөр дыңылдаган аарыдай.

Жадагалса кыйнайт экен жашоодо,

Бирде жагып, бирде жакпай сары май.


Деги турмуш сен өзүңчө кызыксың,

Бирде музсуң, бирде чоктой ысыксың.

Кээде салып күтүлбөгөн азапка,

Жан түшүнгүс ийри-муйру сызыксың.


Турмуш башка салганыңды көрөрмүн,

Азабыңа айласыздан көнөрмүн.

Азабыңды аңтарам деп кармашсам,

Адамдардан табылабы өнөгүм.


Табылышы өтө кыйын билемин,

Так ошондо ташка тийет тилегим.

Өлүм жеңгис, турмуш анда айткансыйт,

Өстүрөм деп ак тилектин үрөнүн...

04.03-06.03.2020-ж.


***

О, Кудай бүгүн асман күңүрттөндү,

Түбөлүк өчүрчүдөй үмүттөрдү.

Кызыл көз мансапкорлор дүйнөдөгү,

Жүргүзөт башаламан үгүттөрдү.

Кашкайтып калпты ышкыртып жактап турат,

Кадырлап канды сорчу сүлүктөрдү.


Табият муну көрүп турасыңбы,

Калыстап өзүң көңүл бурасыңбы?

Адамзат абийир менен эсептешпей,

Агылып баратканын туясыңбы?

Болбосо азаптуулар думанадай,

Ак уруп сенден жардам сурасынбы?..

-- Жооп берчи табият!

13.09.2022-ж.


***

Жазында сен, топурак жанданасың,

Жыттасам ным жытыңды таңкаласың.

Адамдар эзе берсе эси жоктой,

Бозоруп боз чопого айланасың.

Ысыкта чарт жарылып бутактанып,

Билбеймин сен эмнеге камданасың.

Сезгеним өз жытыңды сагынгансып,

Негедир ыйламсырап саргарасың.

-- Ыйлабачы топурак.

17.10.2022-ж.


***

Чындык, сага өмүрүмдү арнадым,

Убайыңды эл көрсүн деп зарладым.

Ырларымдын бир сабына жазбадым,

Сезимдердин боло берчү жалганын.


Жазган ырым адамзаттын сезими,

Менин эмес табияттын чечими.

Ак кагазга чийилген бир касиет,

Жандүйнөнүн ачылганда эшиги.

29.09.2022-ж.


***

О, Адам, күнөөлөбөйм түк да сени,

Кыйнабай как чекеге атчы мени.

Атпасаң кошо агып кетсем кана, 

Табылбай жүргөн кезде тоонун сели.

Жаныма батып кетти ушунчалык,

Жашоонун муздай муздак суук жели.

О, жаным үмүт кылба кайдыгерден,

Жылытса бир жылытар Кудай деми. 

-- Дем бер Кудай!

23.09.2022-ж.


Кыргыз Республикасынын улуттук Жазуучулар союзунун алдындагы «Каркыралар» аттуу жалаң кыз-келиндерден турган адабий бирикме «Сезим ыргактары» деген көркөм адабий чыгармалардын антологиясын «Ордо компани» ЖЧКсынын басмасынан чыгарышыптыр. Антологияны педагогика илимдеринин кандидаты, акын Айгүл Элебесова, акын Айсалкын Сыдыкбековалар жакшы түзүшүптүр. Ошол китепти барактап, көз чаптырып отурсам, төмөнкү саптар келди.


«Каркыралар»


Калемгерлер – «Каркыралар» – гүлсүңөр,

Жашыл, кызыл... дагы далай түрсүңөр.

Гүл сезимин күлүк кыял ыр кылып,

Ар жаз сайын жаңы ачылчу бүрсүңөр.


«Каркыралар» – алтын калем жансыңар,

Өчкөн эмес, өчпөй турган айсыңар.

Ала-Тоодон агып турса ак булак,

Анда силер ажарланып барсыңар.


Оомал дүйнө олку-солку козголор,

Бирде бекип, бирде ачылып тосмолор.

Муза жандуу «Каркыралар» жок болсо,

Кайран жашоо өңдөн азып боз болор!


Бозортпос өңдүн нурун салты барлар,

Калемге калп айтпаган анты барлар.

Жалынын жандүйнөнүн жалындатып,

Жалпыга тарап жаткан даңкы барлар.

-- Жашасын «Каркыралар»!

28.03.2025-ж.  


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер