Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Үч ишкерге алкоо сөз

Үч ишкерге алкоо сөз

24-апрель, 09:00
451 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Табылды Эгембердиев, Аскар Салымбеков, Ташкул Керексизов)

Биз феодализмден капитализмди аттап, коммунизмге өтсө болот деген марксчыл-ленинчил теорияны ишке ашырган социалисттик коомдо 70 жылдай жашап, СССР ыдырагандан кийин өзүбүз мурда баштан кечирбеген бейтааныш, бирок кинодон көрүп, китептен окуп жүргөн башка түзүлүшкө – капитализмге бет алдык. Жогорудагы теориядан айырмаланып, социализмден капитализмге өтүү жөнүндө эч жерде эч кандай теория жок болчу. Менин билгеним, мурда капитализмди көрүп, анда жашоого үйрөнгөн, СССР менен кошо социализм ойрон болгон соң кайра капитализмге кайтышкан Европа өлкөлөрүндө, Борбор Азия, Украина, Балтика боюндагы жана Түштүк Кавказ республикаларында бул иш бир аз оңоюраак болду. Ал эми биздин чөлкөмдө – Борбор Азияда оңбогондой оорчулук жаратты. Анүстүнө биз, Азия калкы Батышка окшоп жеке менчикке жана өзүмдүккө (индивидуализм) эмес, мурдатан жамаатчылыкка (коллективизм), үй-бүлө салттарына, СССР убагында “баарын мамлекет, өкмөт жасайт, берет, бизди багат” дегенге көнгөнбүз. Марксизм-ленинизм окуусуна ылайык капитализмди жырткыч коом катары кулагыбызга сиңиргенбиз. А нарк (рынок) экономикасына негизделген капитализмдин жакшы жаратман жактарын ал жакка барганыбызда көрдүк, окумалдарыбыз Маркстын саясый экономияга киришүүсүндөгүдөй капиталынан Лениндин “Капитализмдин Россияда өнүгүшү”, “Империализм – капитализмдин эң жогорку баскычы” аттуу эмгектеринен тышкары, А.Смит, В.Зомбарт, М.Вебер, Й.Шумпетер, Д.Кейс сыяктуу залкар экономист, социологдордун изилдөөлөрүн окуганда билдик. 

1992-жылы тунгуч президентибиз А.Акаев жаңыдан көз жарып жаткан ишкерлик (бизнес) өкүлдөрү менен жолугуп (анда мен республиканын социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министри элем), ишкерлерди “экономиканын өзөгү, чүйгүнү” деп атады. Кийин окусам, ал мындай ойду Йозеф Шумпетердин “Эконономикалык өнүгүүнүн теориясы” аттуу китебинен өздөштүргөн көрүнөт. Ал ой Й.Шумпетердин “Капитализм, социализм жана демократия” аттуу салыштырма изилдөөсүндө жана Макс Вебердин “Протестанттык этика жана капитализмдин духу” деген белгилүү эмгегинде да ырааттуу жүргүзүлгөн. 

Ошентип, 1992-жылы 1-январда Россия бааларды эркин коё берген соң, биз дагы аргасыздан капитализмдин баштапкы, жапайы жолуна түштүк, мамлекеттик мүлктү менчиктештире, тагыраак айтканда, талап-тоноп баштадык. Бул түпкүлүгүндө туура, зарыл иш терең ойлонулбай, Россияны туурап тез жана ыраатсыз жүргөндүктөн, колхоз-совхоздордун, завод-фабрикалардын мүлкү жалпы калкка тең, адилет бөлүштүрүлбөй, көпчүлүк учурда бир ууч топко – ал чарбалардын жана ишканалардын жетекчилерине өтүп кетти. Алар мыйзамга ылайык менчикке өткөн мекеме-ишканалардын натыйжалуулугун арттыруунун, рентабелдүүгүн көтөрүүнүн ордуна талап-тоноп, бөлүп, сатып жиберишти. Натыйжада республика мурдагы өнүккөн өнөр жай жана айыл чарбасы бар абалынан ажырап, өнөр жайсыз, майда, бытыранды, жаңы техникасы менен технологиясы жок айыл чарба өлкөсүнө айланды. Мунун негизги себеби – СССР убагындагыдай борбордон келчү кошумча каржылоо (дотация, субвенция) болбой калды, республикалар аралык чарба байланыштары үзүлдү. Мындай абалдан кантип чыгыш керек эле?

Албетте, сырттан, чет өлкөлөрдөн, эл аралык каржы фондуларынан карыз алуу, инвестиция тартуу өктөм зарылдык болду. Бирок эң башкысы, нарк экономикасын окуп-билген, анын тажрыйбасын өздөштүргөн жаңы адамдар – ишкерлер пайда болушу керек эле. Кудай жалгап, андай адамдар арабыздан чыкты. Азыр алар көп. Мен мындай ишке эртелеп батынган, өзүм жакшы таанып-билген үчөө жөнүндө гана учкай сөз кылайын.

Маркум Табылды Эгембердиев менен бир мезгилде, 1970-жылдардын биринчи жарымында Кыргыз мамлекеттик (азыркы улуттук) университетте окуп калдык. Ал механикалык-математика, мен филология факультетинде. Анда комсомолдук активист катары тааныш болуп жүрдүк. Кийин Горбачевдин кайра куруу жана демократия доорунда биздеги демократиялык ойгонуу, козголуу иштерине чогуу катыштык: ал көчөгө митингге чыккан, 1990-жылы ачкачылык жарыялаган жаштардын арасында жүрсө, мен басма сөз беттеринде тарыхыбызды жана адабий мурасыбызды, тилибизди сактоо, кайра кароо тууралуу жаздым, 1990-жылы жаңыдан шайланган айтылуу парламенттин ичиндеги депутаттардын демократиялык тобунун (114 депутаттан турган) жетекчилеринин бири болдум.

Табылды сөзмөр, тамашакөй, чынчыл, кошомат кылбаган, чыгармачыл адам эле. Анын макалалары 1990-жылдары кызыгуу менен окулчу. Жолукканда “ой, оңбогур суусамырдык саяк, жакшы жазыпсың” деп ыраазы болуп айтчумун. Ал жылдары Таке баш-оту менен ишкерликке киришип, кыргыздын улуттук суусундуктарын чыгарган, атпай журтубузду тамшандырган “Шоро” фирмасын түздү, адегенде жүздөгөн, бара-бара миңдеген адамдарды жумуш орундары менен камсыз кылды. Андан кийин Беш-Күнгөйдүн кире беришине жана Чуңкурчакта “Супара” аталган улуттук этнографиялык эс алуу керемет жайларды салды. Ушунун баарын ал ак эмгеги, маңдай тери аркылуу жасады, кайрымдуулук, соопчулук иштерине да активдүү аралашты. Кай бир учурларда бул багытта өзү демилгечи болду. Ал жолдошчулукка, адамгерчиликке да бек, берешен адам эле. Мен Жогорку Кеңештин төрагасы кезимде эки ирет (биринчисинде: Ысык-Көлдө эс алып жүрсөм, экинчисинде: Бишкекте орусиялык ырчы Алсу концерт бергенде) “ой, сенин чоң кызматыңды урганым жок! Теңтуштугуңду эстеп чакырып жатам” деп демейдегисиндей азилдешип чакырып, сый көрсөткөн. Алган жары Жаңыл менен (ал балбан баатыр аялдын атынан коюлганы менен арыкчырай экен) тааныштырган. Дагы бир окуя эсимден кетпейт, 2005-жылы 24-мартта мен үйдө отургам, түштөн кийин эл Акүйгө киргенден соң аянтка келсем, эл жайнап турган экен. Табылды да эл менен туруптур. Ал-жай сурашып, “ой, досум кандайсың?” десем, ал “сен кеч келдиң, бийликти басып алышты” деп тамашалаган. Таке айыкпас илдетке чалдыгып, эрте кайтыш болгондо, кеч угуп, о дүйнөгө узатканга катышпай, мүрзөсүнө топурак салбай калганыма өкүнөм...

Экинчи ишкер – Аскар Салымбеков. Аны менен 1975-жылы университетти аяктап, Кыргызстан комсомолунун борбордук комитетинде иштеп жүргөнүмдө тааныштым. Ал спорт иштери менен алектенчү. Жашыбыз тең чамалаш болчу. Кийин мен илимий чыгармачылык жолумду уланттым. Аскар Фрунзе шаарынын Жаштар жана спорт комитетин жетектеп калды. Ошол боюнча аны 1990-жылдардын башында “Дордой” базарынын уюштуруучуларынын жана кожоюндарынын бири деп уктум. Баракелде! Элибиз, жаңы гана көз жарып жаткан мамлекетибиз үчүн эң кыйын жылдарда колго кол, бутка бут болуп, миңдеген жумуш орундарын түзүп, керектүү азык-түлүк, өнөр жай товарларын ташытып келип, кызмат көрсөтүү, тейлөө иштерин кошо камтыган, чоң аянтты ээлеген жайды жасашпадыбы. Бул базар Кыргызстан гана эмес коңшу өлкөлөрдү, Россияны да тейлеп, Борбор Азиядагы ири соода жайларынын бирине айланды. Анын артынан Бишкекте “Дордой-Плаза” аталган эки заманбап чоң, көрктүү соода имараттарын салып, иштетип келүүдө. Мындай керектүү ишке анын жакындары – агалары, инилери, балдары да белсемдүү катышкандыгы колдоого аларлык.

Аскар Салымбеков республиканын билим берүү, саламаттык сактоо, спорт тармактарын өнүктүрүүгө чоң салым кошууда. Буга далил: “Дордой” футбол командасы, өзүнүн наамындагы университет, көз жана башка оорулар боюнча мекемелер. Ал өлкөнүн коомдук-саясый турмушунан окчун калбастан, өз оюн ачык айтып, иш жүзүндө да көрсөтүп келе жатат. Ушул себептен өзү туулуп өскөн Нарын облусуна губернатор болду, ал жерге көркөм сүрөт галереясын уюштурду. “Эмгек” деп аталган саясый партия түздү, Жогорку Кеңеш депутаттыгына шайланды. Менин угуп-билишимче, кээ бирлерине окшоп кызмат абалынан пайдаланып, элге, мамлекетке кыянаттык кылып, уурулук, жемкорлук кылган жок. Бул анын жакшы, өрнөктүү жагы.

Өткөн жылы эгемендүүлүгүбүздүн 31 жылдыгынын алдында Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров айрым мамлекеттик ишмерлерге “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамын бергенде “Азия Ньюс” гезити бир катар окурмандардын (алардын арасында республикага таанымалдары бар эле) “Аскар Салымбеков да ушул бийик наамга татыктуу” деген пикирлерин жарыялаган. Мен дагы ошондой ойдомун. Кеп адамдын ээлеген кызмат ордунда эмес, элге, мамлекетке өтөгөн реалдуу эмгегинде деп эсептейм. Эсил курбум Табылдыдан айырмаланып, жашташ, курбалдаш, бир кезде кызматташ болсок да, Аскар Салымбеков менен жакын мамилелеш, табакташ болгон жокмун. Ошентсе да калыстык, акыйкаттык үчүн өз оюмду билдирип жатам. 

Үчүнчү ишкер – Табылды, Аскар жана менден жашы улуу Ташкул Керексизов. Мен аны 1995-жылдан, ал прездиденттин иш башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеп жүргөнүнөн тартып билип калдым. Угушума караганда, ал Аскар Акаев менен чогуу окуптур. Кийин ал Талас облусуна губернатор болуп кеткенде Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы катары депутаттар тобу менен Таласка “Маймак” эркин экономикалык аймагына барып аңгемелешкенбиз. Бишкекке келгенде Чоң-Арыктагы үйүнө чакырып, Аманбек Карыпкулов экөөбүзгө топтогон сүрөт картиналарын, короосундагы айбанаттар кептелген экспонаттарын көрсөткөн. Кыргыз тарыхы, каада-салттары жөнүндө кызыктуу кеп салган. Көрсө, ал абдан улутман, мекенчил, тарыхка, тилге, көркөм өнөргө урмат көрсөткөн адам экен. А мындай адамдар ишкерлер арасында Табылды Эгембердиев, Аскар Салымбеков, Ташкул Керексизов сыяктуу сейрек, бирин-экин гана кездешип жүрбөйбү, атаганат! Көпчүлүгү акча, материалдык дөөлөт менен алектенип жүргөнүн угуп, көрүп, билип келатабыз.

Ташкул акенин же көлдүкчөрчө айтканда, абанын (мен туулуп өскөн Чоң-Алайда, деги эле ичкиликтерде да улууларды аба, аке деп бирдей аташат) кыргыз элине калтырган ыйык, улуу мурасы – Ысык-Көлдөгү “Рух Ордо” тарыхый этнографиялык комплекси. Ал кыргыздар жана чет өлкөлүктөр үчүн сөзсүз көрчү куттуу жай. Тилекке каршы, Ташкул Керексизовдун экинчи ири (“Рух Ордодон” да чоң) Тоң районундагы “Аалам Ордо” долбоору каражаттын жетишсиздигинен, жергиликтүү бийликтердин жер талашкан тоскоолдугунан (мен аны телевизордон Т.Керексизовдун өз оозунан уктум) аягына чыкпай, бүтпөй калды. Мен анда-санда Караколго баратып-келатып көрүп, аңгырап бош турганына, эскирип-бузулуп бараткандыгына зээним кейип өкүнөм. Көлдүк туугандардын Т.Керексизовго убагында жети акеден кийинки аке деп тон жапканына сүйүнгөм. Ал эми алысты көрө албаган аткаминерлердин мерез мамилелерине капалангам. “Колдо бар алтындын баркы жок” деген даанышман сөздүн дагы бир мисалы ушунда. Жаткан жериңиз бейиш болсун, Ташкул аба! Биз сизди унутпайбыз!

Акырында айтарым, эгер биз өлкөбүз өнүгүп, элибиздин турмушу оңолуп, мамлекеттин чамгарагы бекем, бийик болсун десек, саясатка жана мамлекеттик кызматка пайда көрүп, байыш үчүн, пара алган жана жемкорлук кылган жөндөмүнө карабай, өз көмөчүнө күл тартып, урук-тууганын, таяке-жээнин, жердештерин жана уруулаштарын кызматка алгандарга наалат айтып жоопко тартып, ушул тейде А.Смиттин дагы бир акылман сөзүн келтирейин: “Күнөөлүүлөргө жан тартуу – күнөөсүздөргө болгон ырайымсыздык”. Ал эми Табылды Эгембердиев, Аскар Салымбеков, Ташкул Керексизов сыяктуу жаңы жумуш орундарын түзгөн, казынага салык аркылуу салым кошкон, кароосуз калгандарга, бей-бечараларга кайрымдуулук, соопкерчилик көрсөткөн, өз элинин тарыхый-этнографиялык мурасын сактоого, маданият, илим-билим, саламаттык сактоо, спортту өнүктүрүүгө көмөкчү болгондорго чын дилден алкыш айтышыбыз абзел! Бул жападан жалгыз туура жол.


Абыдганы Эркебаев

18.04.2023 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер