Сүйлөшкөн кызымды мурдагы жигиттеринен кызганам. Коркутсамбы?..
Мен Айдайды абдан катуу жакшы көрөм. Назик, тартынчаак, акылдуу, татынакай, мүчөсү келишкен кыз. Ал түбөлүк жар болууга татыктуу жан. Экөөбүз өткөн күндөрдү эскерип отуруп, мурдагы жигиттери тууралуу собол салдым. Оюмда “сен биринчи сүйүүмсүң” же “экинчи” деп айтарын күткөм. Айдай болсо мага чейинки төрт жигити тууралуу төкпөй-чачпай айтып берди. Анын бири тууралуу айтканы таптакыр жаккан жок. Чет өлкөгө окуп кеткенин, акылдуу, билимдүү, келишимдүү жигит экенин, капыстан байланыштары үзүлүп калганын божурады. Ал жөнүндө айтып атканда көздөрү жайнап, таптакыр башка Айдайга айланып кетти. Ошондон тарта менде кызганыч пайда болду. Кызганычтын айынан көп урушчу да болдук. Балким ал жигиттерге кайра жолукса, экөөбүздүн жолубуз бөлүнүп калбайбы? Ушундан корком... Эмне кылуу керек? Коркутсамбы?..
Максат
"Азия Ньюс" гезити