Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кубанычбек Исабеков, коомдук ишмер: “Кумтөрдөн 240-250 тоннадай күмүш алынды ”

Кубанычбек Исабеков, коомдук ишмер: “Кумтөрдөн 240-250 тоннадай күмүш алынды ”

18-ноябрь, 19:30
391 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кубанычбек ага, 9 ай аралыгында Кумтөрдөн түшкөн кирешенин суммасы 26 миллиард 780 миллион 571 сомду түздү. Бул боюнча министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев билдирди. Ушу боюнча эмне айтат элеңиз?

-- Бул боюнча менде көп суроолор жаралды. Өндүрүлгөн алтынды Кара-Балтага алпарып, ошо жерден алтынды чыгарып, анан сатып айтып атабы, бул – биринчиси. Экинчиси, кайсы баа менен сатылып атат, дүйнөлүк биржалардын баасы мененби? Үчүнчүсү, кимге сатып атат? Башмыйзамда “Жер байлыгы элге таандык” деп турат. Аны эл билбесе, баягыдай ызы-чуулар көбөйө берет. 1996-жылы парламенттик комиссия түзүлбөдү беле, эмне үчүн бул нерселер жашыруун болуш керек? Эл билбегендиги үчүн ар кандай ушак-айың чыгат, кээ бири билбей эле калпты урдура берет. Ошон үчүн ачык-айкын болсо жакшы болмок. Адылбек мырза сом менен айтып атканына караганда, бизден өндүрүлгөн алтындар сатылса керек. Албетте, сатылышы керек, бюджетибиз ансыз да кыйын абалда. Баткендеги өрттөнүп, жараксыз болуп калган үйлөрдү, турак жайларды, социалдык ишканаларды, көпүрөлөрдү калыбына келтирүү зарыл. Чет мамлекеттен карыз да алынып атат. Алар дагы бюджетке түшүш керек. Мыйзам боюнча бир жылда бир жолу мамлекеттин бюджети бекилет эмеспи. Мыйзамды бузганга эч кимдин акысы жок. Ошо бюджетке канча кошумча түштү, бул боюнча ЖКга сунуштап, мамлекет бюджетке алып, чыгаша бөлүгүн да бекитип алыш керек. Өмүр бою бийликте отурган эч ким жок. Бул бийлик кетсе кайрадан ызы-чуу болуп, кайра иш козголуп, артынан качып, Касымалиевдин камалышын каалабайт элем. 

-- Айтсаңыз, Кумтөр десек эле алтынды кеп кылабыз. А жерде башка да түстүү металлдар чыгат да?

-- Ооба, Кумтөрдө алтындан кийинки түстүү металлдардан күмүш көп чыгат. Менин баамымда, 240-250 тоннадай күмүш алынды. Анан алар кайда кетти, кайсы баада, кимге кетти?.. Мына ушу жагы элге маалым эмес. Эмнеге бул жөнүндө эч ким эч нерседе дебейт? 

-- Тоо кендери боюнча улуттук концепциядан ушуга чейин дайыны жок, сиздин кабарыңыз барбы?

-- Туура айтасың, ал концепция азыркыга чейин бекиле элек. Ушуну өкмөт Жогорку Кеңешке алпарып бекитип койсо, тоо кен тармагы мамлекеттин бюджетин толтура турган бирден-бир тармак болмок. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер