Мэр Айбек Жунушалиев кеч ойгонуп, чабалдыгын көрсөтө береби?


Бишкек шаарынын чок ортосундагы (Совет-Чүй көчөлөрүнүн кесилиши) Нариман Түлеевдин курулушуна УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев барды. Буга чейин соцтармактарда нааразычылыктар жаралып аткан. Натыйжада, бу саам элге ачык маалымат жетти. Жолдун куушурулуп кетиши, долбоордогу эки кабат имараттын үстүнө дагы куруп салганы, айтор, калпыстык орун алыптыр. Аныгында, сөссүз эле Камчыбек Ташиев барып, элдин нааразычылыгынан кийин текшериш керек беле? Мындай көрүнүшкө жеткирбей мэр Айбек Жунушалиев тескеп койсо болмок да. Курулуш министри Нурдан Орунтаев эмне кылып жүрөт? Жетекчилер өз милдеттерин так аткарышса, коомчулуктун пульсун кармап турса, эч кандай нааразычылык деле чыкмак эмес. Тилекке каршы, Бишкек шаарынын мэри кеч ойгонуп, чабалдыгын көрсөтө береби? Нариман Түлеевдин бизнес долбоорун көзөмөлдөп, чуу чыгартпай эле тизгиндеп койсо, ашыкча сөздөр да айтылбайт эле. Ириде Айбек Жунушалиевдин ишмердигине баа бериш керек да, туурабы?










