Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Орусия президенти Путин Тажикстанга барды

Орусия президенти Путин Тажикстанга барды

29-июнь, 11:23
314 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Орусиянын президенти Владимир Путин 28-июнда Тажикстанга барды. Бул орус лидеринин Москва украинага кол салгандан берки алгачкы чет өлкөлүк сапары. Дүйшөмбүдө Путин тажик президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүлөрдү өткөрмөкчү.

Буга чейин Кремл Путин тажик башкалаасына Рахмондун чакыруусу менен бара турганын, "орус-тажик стратегиялык өнөктөштүгүнөн" тышкары Ооганстандагы кырдаал сыяктуу "регионалдык маселелер" да кеп болоорун билдирген.

Тажикстан президентинин басма сөз катчысы Абдуфаттох Шарифзода “Озоди” радиосуна ырастагандай, бул сапарда эч кандай документке кол коюлбайт.

 ТАСС агенттиги орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаковго шилтеме берип кабарлагандай, президенттердин сүйлөшүүсүндө Дүйшөмбүнүн Москва лидерлик кылган Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө болушу тууралуу маселе козголушу мүмкүн.

Ушаковдун айтымында, Дүйшөмбүдө Тажикстан менен Орусиянын ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтык жана Ооганстандагы кырдаал талкууланат.

29-июнда Путин Ашхабадда Азербайжан, Казакстан, Иран жана Түркөмөнстан лидерлери менен Каспий саммитине катышмкчы. Анын жүрүшүндөгү эки тараптуу жолугушуулар тууралуу суроого Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков жооп берген жок.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер