Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Борбор калаабыздын “бок-жини” аралашканча Ногойбаевди эркелетип отура беребизби?

Борбор калаабыздын “бок-жини” аралашканча Ногойбаевди эркелетип отура беребизби?

06-апрель, 13:07
779 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

2007-2008-жылдары Болотбек Ногойбаев ИИМди жетектеген. Ошол кезде баласы Азамат Ногойбаев Жайыл РИИБ орун басары эле. “Бала баатыр” Кара-Балтадан спирт контрабандасын кармап, пара алууга айыпталып, финпол тарабынан кылмыш иши козголгонбу? Камалып кетерде атасы сактап калганбы? Бул суроолордун жообу архивден табылса керек. Атайын органдар оңой эле текшерип койсо болот да. 

Дагы бир таңгалычтуу жагдай, Азамат Ногойбаев ГУБОПто орун басар кезинде “Дөө” Чыңгыздын коркутуусуна кабылганы ЖМКларга чыгып кеткен. Көрсө, ортолорунда түшүнбөстүктөр жаралыптыр. Коркуп кеткен Азамат арыз жазып, бөжөңдөп калганына кандай баа бересиңер? Өзү уюшкан кылмыштуу топторду көзөмөлдөөчү органдын башында отуруп даттанып атса, эрксизден баш чайкайсың да, туурабы? Ушундай кадрдын көкөлөп өскөнүн карагылачы! “Оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн” дечү беле? 

2019-жылы 5-июнда Чүй облусунун Орок айылында улут аралык жаңжал чыгып, үйлөрдү талкалашып, жаштар арасында ири мушташ катталган. Кырдаалды Сокулук РИИБси жөнгө сала албай, жогорку жетекчилик тарабынан сынга кабылган. Милиция өз милдетин тийешелүү деңгээлде аткара алган эмес. Натыйжада, Сокулук РИИБ начальниги Азамат Ногойбаев кызматтан кетет. Жылуу-жумшак таризде...

Бирок эч кандай чөгүп кеткен жок, ИИМдеги “майлуу” орундарга калкып чыгып атты. Бишкек ШИИБ жетекчилигине келгени коомдук-коопсуздук абалды тескей албай, милициянын аброюна бир кыйла шек жаратты. Оор кылмыштар ачылбай, “эшек жайлоо” образы түзүлүп, чөнтөк уурулар миңдеген кылмыштарды жасаса да табылбады. Жашы жете элек кыздар байма-бай зордукталуусу көнүмүшкө айланды. Окуучулар менен профилактикалык насааттарды жүргүзүүгө, кылмыштуулуктун алдын алууга Азамат Ногойбаевдин шаасы жетпей, тескерисинче, 13 жашар кыздын сексуалдык ыдык көрүүсүн табалагандай калпыс сүйлөдү. Акырында секелек кыздарды күнөөлөгөнү кандай?

Ток этерине келсек, ашмалтайы чыгып эле калды. Бирок жогорку жетекчилик Азамат Ногойбаевге “сөгүш” берүү менен гана чектелип, креслосун “сары майдай” сактап отурат. Эмнеге? Борбор калаабыздын “бок-жини” аралашканча кармап отура береби? Саясый эрк, караңгыдан көз тапкандай кадамды качан көрөбүз? Ө-өх, коомчулук да чарчай баштады!... 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер