Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Экинчи ирет ковидге кабылгандар көп катталууда, сак болуңуздар!

Экинчи ирет ковидге кабылгандар көп катталууда, сак болуңуздар!

22-июнь, 19:09
1 532 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Саламаттык сактоо жана социалдык жактан өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев COVID-19 менен экинчи ирет ооруп жаткандар катталганын билдирди. 

“Канда коргой турган антитела жок калат да, коронавирустун мутациясы өзүнүн бар экенин эске салат. Бейтаптар экинчи ирет ооруп калганын айтышууда. Кээ бирөөлөрүнүн тапшырган тести “таза” деп чыкса, бир катарлары анализ берген эмес. Алар былтыр илдеттин жеңил формасы менен ооруп, басып жүрүп эле айыгып кетишкен. Анда антитела аз иштелип чыккан да, 3-4 айдан кийин кайра ооруга чалдыгышты. Окумуштуулар антитела сегиз айдан бир жылга чейин жетерин айтып келишет” деди Бейшеналиев.

Анын айтымына караганда, кайра ооруп калгандар боюнча биринчи 10 гана учурду эсеп-чотко алып, азыр элдин баары ооруй баштаганда статистика жүргүзүлбөй калган.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер