Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ректор Абдылда Мусаевдин сыйлык алганы – эмгегинин акыбети

Ректор Абдылда Мусаевдин сыйлык алганы – эмгегинин акыбети

07-сентябрь, 19:34
292 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Негизи наамдар көп учурда тааныш-билиштерге таратылып келгени жашыруун эмес. Бул жагы адатка айланып калгандай. Коомчулук да көрүп-билип келет. Аларга токтолуунун кажети деле жок, бирок ак-караны эсибизге ала жүрүүбүз парз. 

Эгемендүүлүк күнүнө карата К.Карасаев атындагы БМУнун ректору Абдылда Мусаев 3-даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды. Албетте, бул татыктуу тандоо! “Саман-пыры” аралаш сабатсыздар баркталып аткан заманда, каарман агайыбыз кызыл дандай көптөрдөн өзгөчөлөнө алды. Себеби, билим берүү жана илимдин даңгыр жолунда жарым кылымга жакын убакыттан бери эмгеги сиңип келатат. Мындан да жогорку сыйлыкка татыса жарашмак, бирок ал жагы келечекке калса керек. Аныгында, Абдылда Мусаевдей инсандар бааланса, бийликтин бедели үчүн да пайдалуу. Дал ушундай саамалыктар дагы да уланып, агартуучулукка ак дилден кызмат кылгандар эске алынса, элибиз да алкап алат эле... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер