Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нарынбек Молдобаев, экс-депутат: “Өкмөттүн “саткан үйүңөн салык төлө” дегени түшүнүксүз”

Нарынбек Молдобаев, экс-депутат: “Өкмөттүн “саткан үйүңөн салык төлө” дегени түшүнүксүз”

24-октябрь, 09:00
425 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Нарынбек мырза, салык саясаты туура эле жүрүп жатабы же “эпчил эки жейт” болуп, элдин жонунан кайыш тилгенге барабар болуп кеттиби?

-- Ар бир мыйзамдын жакшы, жаман да жагы бар. Ошон үчүн мактаганга, жамандаганга да болбойт. Тагыраагы, ал мыйзам элдин бир тарабына жакшы кызмат көрсөтсө, экинчи тарабына зыян алып келет. 

Пенсия көтөрүлүп, бюджетте иштегендердин айлыктары жогорулап жатат. Бирок, салыктын өтө көбөйүп кеткени кымбатчылыкты күч алдырды десек болот. Анткени, салыктын жогорулашы кымбатчылыктын күчөшүнө түздөн-түз шарт түзөт. Мисалы, кээ бир кишилер завод, фабрика жок, үй-бүлөсүн багыш үчүн сырттан машина алып келип сатышат. Азыр машине саткан киши да салык төлөй турган болуп калды. Же болбосо менчик үй салып, сатсаң да салык төлөй турган кылып коюшту. Мен деле бир канча жолу депутат болдум. Үйгө салык төлөгөн мыйзам жок болчу. Бирок, турак жай эмес имараттарга (кафе, медборборлор) НДС да, салык дагы бар болчу. Азыр менчик үй салып, сатсаң да салык төлөйсүң” деген саясат элге кыйынчылык жаратууда. Өкмөттүн мурун курулуп, азыр сатылып жаткан үйлөргө да салык төлө дегени түшүнүксүз болууда. Мыйзам артка иштечү эмес эле... Ошон үчүн бул жагы орунсуз да. Эптеп эле бюджетти толтуруш үчүн ушундай кадамга баргандары туура эмес. Элдер күнүгө эртең менен ойгонсок, салык боюнча жаңы мыйзам чыгып калып жатат деп нааразы болушууда. 

 Азыркы өкмөт жетекчиси алгачкы кызматын салыктан баштаган. Мүмкүн салыкты жакшы билеттир. Ошон үчүн салыкты көбөйтүп, бюджетти байытканы жаткандыр... Анын бул саясатынын канчалык элге пайдасы же зыяны көп экенин билишибиз керек. Анткени, бизнести көтөрүү да, жок кылуу дагы өкмөттүн колунда. Бюджет салык төлөгөндөрдөн топтолот. Бирок, бир гана бизнестин эсебинен Кыргызстан өнүгүп, өсүп жатат. Бизнестен башка Кыргызстанга эч нерсе келген жок. Сырттан алып келген товарлардан бажыга акча түшүп, алар саткан товарлардан салык төлөнүп жатат. Ошон үчүн бизнеске аяр мамиле кылып, колдон келсе ишкерлерди көтөрүшүбүз керек. 

-- Бирок, бизде башка мамлекеттерге салыштырмалуу салык аз деген жүйөнү айтып жатышат го?

-- Туура, өнүккөн өлкөлөргө караганда бизде салык абдан төмөн. Бирок, биз өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кире албай жатпайбызбы! Ошон үчүн эки жакты карап, салмактап, андан кийин чечим кабыл алышыбыз керек. Учурунда бизге “эски машинелерди киргизбейли” деген сунуштар түшкөн. Биз кабыл албай койгонбуз. Анткени, эски машинелер түтүн менен элибизге зыян алып келсе да, элдер машине алып, жок дегенде Таластан картошка, Нарындан этин алып келип, доктурга ата-энесин ташып, балдарын мектепке алып барсын деп ал мыйзамга каршы чыкканбыз. Эгер ошол мыйзам кабыл алынганда, азыр байлар гана машине минип, кедейлер жөө калмак. 

-- Баса, жакындан бери каралар менен кызматташкан деп бир канча бизнесмен камакка алынды. Камоолордун ишкерлерге таасири тийиши мүмкүнбү?

-- Бизнесте жүргөн кичи улуттардын: корей, уйгур, карачай жана башкалар сөзсүз түрдө өзүнө бийликтен же каралардан “крыша” издейт. Антпесе, аларды талап кеткендей болот. Учурунда Роман Шин казино иштетчү. Аны Рысбек көзөмөл кылчу. Турсунтай Салимов деле Рысбек, Баямандын калкалоосунда жүрчү. Аны мен эмес, элдин баары эле билет. Бу сапар деле ошондой жагдай орун алган болсо керек. Камакка алынган бизнесмендер каралар аркылуу кайсы маселесин чечип жатканын билбейм, бирок баары эле бийиктин же каралардын калкалоосунда жүрчү. 

Элит Хаустун кожоюну Тимур Файзиев Камчы Көлбаев менен өнөктөш болуп чогуу иштешчү деп уккам. Бирок, каралар менен биригип эмне жасаганын, өкмөткө кандай зыян алып келгенин билбейм. Азыр бир топ бизнесмендер кармалууда, мүмкүн алардын күнөөлөрү бардыр, же жагдай таптакыр башкадыр. Ошон үчүн алардын күнөөлөрүн сот менен прокуратура дыкат иликтеп, далилдеши абзел. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер