Жанар Кадыралиев: “Шайлоодон кийин кооптуу абал жаралып, бийликтеги кой жылдызындагы адам камакка алынат”
-- Жанар мырза, баарыбыз билгендей, 28-ноябрь күнү парламентке шайлоо күнү. Деги тынч эле болобузбу, жылдыздар эмне деп атат?
-- Негизи 29-30-ноябрдан баштап эле кооптуу. Күн тутулуу менен коштолуп атат. Сатурн менен Урандын начар түзүлүшү бар. 90 градуста чыңалуу абалы кармалууда. Бул толугу менен декабрь айы бою боло турган нерсе. Мейли саясатчы болсун, мейли ишкерлер болсун, же катардагы карапайым жарандар үчүн да таасирин тийгизип турат. 4-декабрда күн тутулат. Мунун таасири да абдан күчтүү. Бийликте отургандардын бир-экөө, керек болсо төрт адамга чейин камакка алынат. Камакка алуу процесси жарым жылга созулат.
-- Бийликтеги деп кеттиң...
-- Азырынча ачыкка чыгарбай туралы, бирөөсү кой жылдызындагы адам. Ага жеке эле биз жактан камакка алуу эмес, башка өлкөнүн бийлик башында турган адамы кызыкдар болуп, катуу таасирин тийгизүүдө. Жеке өзүнө азырынча билинбегени менен бара-бара кысым күчөйт. Алты айласы кетет. Дал келүүчүлүк ыктымалдуулугу 90 пайыздан ашат. Бул адамды башка мамлекеттин президенттери да кысып келатат.
-- Эмнеге кысып атат?
-- Ал адам 10-сектор Марс планетасында жайгашкан маалы болуп атат. Дымагы жөн эле асман-айды чапчып, өзүнө ашыкча ишенип алган. А Марс болсо агрессивдүүлүктүн планетасы. Мына ошондой...
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити