Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Эмнеге Садырды колдобойсуң, “Канат татыктуу” деп Токмокко кетесиңби?”

“Эмнеге Садырды колдобойсуң, “Канат татыктуу” деп Токмокко кетесиңби?”

19-декабрь, 21:26
2 413 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Тоңдук жердештерибиз, туугандарым, досторум мага капа болуп жатышыптыр. Эмнеге Садырды колдобойсуң, Канат татыктуу (Исаев) деп Токмокко кетесиңби (?), сөөгүң Ошко, Текенин жанына коюлабы? деген маанидеги сөздөр айтылууда.

Аларга ФБда коменттерге жооп берип жатам. Ошондой жоопторумдун бирин, жердешим, курдашым Туратбек Түмөнбаевге жаздым эле: “Туке, мен Садырга каршы болуп, Садыр шайланбасын деген жерим жок. Садырды эл колдоп, ат менен кошо жүгүрүшүп, менсиз деле колдоочулары жетиштүү болууда

Мен башка талапкерлер тууралуу ой айткандарды каргап-шилеп жатканга капамын. Шайлоодон кийин да бир эл, бир журт болуп жашашыбыз керек да. 

Мен Садыр менен тууганмын, Жамангулдун тукумубуз, ага кантип каршы болоюн? Мен элибиздин жинди болгонсуп, удургуп калганына, кечээги чимкириктер менен коррупционерлер бүт Садырдын койнуна кирип, колдоочу болуп алганына нааразы болуп атам. Башка талапкерлерди боктоп, кордоого каршымын. Ошон үчүн башка талапкерлерге колдоо көрсөтүп коюуну туура көрдүм. Баары кыргыздын балдары, эл кимди шайласа ошонусу, Кудай чекесине жазганы болот да. Негизи кыргыз бөлүнбөсүн, бөлүнсөк бөрү жеп кетет!” деп саясый серепчи Сабыр Муканбетов Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер