Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бишкектеги булганган аба ички органдарды жабыркатып, жүрөктү алсыратат

Бишкектеги булганган аба ички органдарды жабыркатып, жүрөктү алсыратат

19-декабрь, 09:50
1 030 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Кыш мезгилинде абанын булганышы бир гана өпкө ооруларына алып келбестен, ички органдарды жабыркатып, жүрөктү алсыратат. Мындай бүтүмгө британиялык 175 дарыгерден турган топ келгенин чет элдик басылмасы жазды.

Шаардагы ыш адамдын дем алуу системасын жабыркатып, жүрөк кан-тамыр кемтиги, инсульт, кант диабети, депрессия сыяктуу илдеттерге алып келетОшондой эле адистер кара түтүн өпкөдөн ылдый жайгашкан көк боор, ашказан, өт, сокур ичеги, түз ичеги сыяктуу органдардын ишин бузарын айтышты.

Абанын булганышы боюнча көйгөй акыркы жылдары Бишкек шаарында дагы күчөп келе жатат. ӨКМ быйылкы жылдын ноябрь айында Бишкектеги атмосфералык абалга байкоо салып, абада зыяндуу заттардын пайда болушу нормадан жогорулап кеткенин айткан. Өкмөт абанын булгануусуна автоунаалардан чыккан түтүндү негизги себеп катары сыпаттап келет. Ал ортодо Бишкек мэриясы абанын булганыч экенин моюндап, организми сезимтал адамдарды бет кап кийүүгө чакырган.

Эскерте кетсек, 17-декабрда шаардын четине чыгып, борбордун үстүн жапкан капкара түтүн тууралуу видео коомчулукка тараган эле. Бул видеодо Бишкектин үстүндөгү кара тумандан калаа таптакыр көрүнбөйт, кара казан жабылып тургандай абалда экенин көрүүгө болот.
Aryba.kg
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер