Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Баткенде кокустан атылган октон улам 37 жаштагы жаран каза болду

Баткенде кокустан атылган октон улам 37 жаштагы жаран каза болду

13-июль, 13:01
185 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Баткенде кокустан атылган октон улам 37 жаштагы жаран каза болду. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 13-июлда саат 06:20 чамасында Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүнүн дарыгери Баткен шаарынын 37 жаштагы тургуну К.К. денесинен алган жараатынан улам ооруканага жетпей каза болуп калгандыгын милицияга билдирген. Бул маалымат Баткен райондук милициясына катталып, териштирүү иштеринин жүрүшүндө төмөнкүлөр аныкталды.

"11-июль күнү болжол менен саат 23:00 чамасында Баткен районунун тургундары 26 жаштагы К.С. менен 37 жаштагы К.К. “Геревшин” жайлоосуна эс алганы 35 жаштагы койчу У.А.нын үйүнө барышкан. Эртеси күнү 14:30дарда үйдүн ээси ок атуучу куралын октоп жатканда кокусунан атылып кетип, 37 жаштагы К.К.га тийген" деп айтылат маалыматта.

Ошол эле замат К.С. менен У.А. анын жарааттарын байлап, Курбака участкасындагы аскер кызматкерлерине кайрылышкан. Ал жерде медициналык жардам көрсөтүлүп, 13-июль күнү саат 03:30дар чамасында Баткен–Исфана унаа жолуна жетип келишкен, ошол учурда К.К. алган жараатынан улам каза болуп калган.

Азыркы учурда тийешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер