Эгемен Кыргызстанды түптөгөн туңгуч ажо Аскар Акаев тууралуу чындык
Кыргызстан эгемен болуп кайра жаралгандан берки мамлекетибиздин абалын, эл-журттун, коомубуздун башкаларды суктанткан, ичин күйгүзгөн, таңкалтырган, өзгөлөр башынан өткөрүп билбеген жанда жок өзүнчө кызыктуу жаңычыл да, азаптуу да жолуна абай салып отуруп, бир чети эт жүрөк элжиресе, бир чети үшкүрүк таш жарат.
Эт жүрөктү элжиреткени – багыбызга Аскар Акаевдей илим-билимдүү, дили таза накта реформаторду ажолукка көтөрүп алганыбыз болду. Муну эч ким тана албас. Акаевдей жетекчиге бүгүн зар болуп калганыбызды ар нерсеге калыс карагандар, алтургай буга чейин ал кишиге атасынын өчү бардай өчөшүп келгендер да мойнуна алып отурганын ар түркүн расмий да, расмий эмес да жыйындардан, маалымат каражаттарынан угуп-көрүп, окуп жатабыз го, чынбы?
Акаев, анын дүйнөгө таанылган демократ аброю болбогондо же мурдагы колхоздон, же күнү бүткөн компартиянын темир чеңгелинен чыга албай, же жаңыча жашоону биле албай, раматалык СССР ураган учурда эл тентип, кадимки ачарчылыкка кабылмакпыз, туурабы? Же аны да унуттуңарбы?
Акыркы коммунисттер Масалиев менен Аманбаев башкарып тургандагы ун, аштык, кумшекер сыяктуу зарыл тамак-ашка узун кезектерди, тойдун, дагы башка жакшылыктардын көркүн чыгарчу арак-шарапка жетиш үчүн эл кызыл кыргынга чейин жетип, урушуп-мушташып, бирин-бири алка-жакадан алып муунтуп, тепкилешкени, анан ошентип, арак жалаң талон менен бериле баштаганда далайлар колго жасалган “самаштан” көпкөк боло көгөрүп өлгөнү, алкаштар аптека-дүкөндө атыр калтырбай, анын баарын шимирип түгөтүшкөнү эсиңердеби?
Кыргызстанга ошого чейин жалаң борбордон (Москвадан) таптак ченелип-өлчөнүп, жалаң мампландын буйругу менен кең-кесири келип турган тамак-аш, кийим-кече, идиш-аяктан баштап, самын-сумун, дагы далай нерселер заматта жоголуп, күйүүчү-майлоочу майлар бизге дүйнөлүк баада сатылып, алтургай жалаяктай болгон 5-10 миңдик “развальный” делинген нарк-кунары такыр качкан “рубль” акчаны да кайра акчага бастырып калбадык беле?!
Ошол бизди каптай баштаган акыр замандын кара булутун ким таркатты эле? Кошуналардын мурдагы комунист ажолорун туурап, күнү бүтүп жаткан державанын андан аркысын карап отуруп албай, төгөрөктүн төрт бурчуна чаап барып, бутуна жаңыдан туруп, тай-тай басып келаткан эгемен Кыргызстанга алгачкы инвестицияларды ким алып келди эле? Жаңыча жазылган Башмыйзам, ага айкалышкан эгемен мыйзамдар аркылуу менчиктерди түркүндөтө киргизип, Кыргызстанды тарыхта алгачкы жолу БУУга мүчө кылып, дүйнө коомчулугу менен өз алдынча байланыштырып... айтор, эркин коомдун, демократиянын пайдубалын ошентип салып койбоду беле Акаев.
Ошондо көчөлөрдө алгачкы базарлар, менчик дүкөндөр пайда болуп, биздеги алгачкы эгемен ишкерлер, “челнок” деп аталган эркин соодагерлер туш-тараптан дүнүйө-оокаттын баарын бизге алып келип, элди тоюндуруп-кийиндирип коюшпады беле? Ал эми кыргыздар жаңы доордон бери алгачкы жолу өз жеринде Акаевдин эгемен мыйзамы менен жерге менчик ээсине айланышканы өзүнчө узун кеп.
Анан Акаев КМШда көч башына туруп, кыргыздын улуттук акчасы – сомду киргизди. Ошондон бери сомубуз шериктештикте наркы баарынан туруктуу болуп келатканы КМШга да, эл аралык коомчулукка да белгилүү. Жакында эле “Евразия биримдигинин орток акчасы катары кыргыздын сомун эле киргизип албайлыбы” деген сунуштар айтылап калганы бар.
Эми көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан тышкы карызыбыздан баштайлы. Жогоруда айтылгандай, держава кулап, мурдагы союзга чырмалышкан көнүмүш экономикалык карым-катнаштар үзүлүп-бузулуп, энесинин эмчегинен ажыртылган жетим козудай элейип, айлабызды таппай калган алгачкы жылдарыбызда эл аралык каржы институттарынан, донор өлкөлөрдөн дал Акаевдин акылы, кадыр-баркы менен алынган алгачкы насыялар, транштар мамлекеттүлүгүбүздү, эл-журтту жуттан сактап калганын көпчүлүк унута баштагандай. Айтмакчы, 1993-жылы Кыргызстандын тышкы карызы бар болгону 130 миллион АКШ долларына барабар келгенин баары эле биле бербес. Ырасы, андан кийинки жылдары алган карыздар дээрлик 2 миллиардга жеткени бар. Бирок, Аскар Акаевдин эл аралык каржы уюмдары, донор өлкөлөр менен ырааттуу жүргүзгөн ыкчам, чыйрак аракеттери, жеке аброю аркасында ал карыз кайрадан 800 млн. долларга чейин түшүрүлгөнү белгилүү.
Ал эми таш жарган үшкүрүгүбүз – ошол 800 миллион да жакынкы күндөрдө эсептен чыгарыларда, Кыргызстаныбыз чындап көз карандысыз болордо, дүркүрөп өнүгөрдө тагдырдын жазмышы сыяктуу март төңкөрүшү чыга калганы болду. Ал төңкөрүштүн чын себептеры да терең изилденүүчү нерсе.
Садырбек ЧЕРИКОВ, эркин журналист, саясат иликтөөчү
"Азия Ньюс" гезити