Сени менен кол кармашып, көз көрбөс жактарга кетип калгым келет
Фейсбук колдонуучу Аська Кожомкулова баракчасынан жан сыры менен бөлүштү.
“Чынын айтсам, аябай буулугуп, сыгылып баратам. Мен да жарылайынчы сага! Эки жүздүү адамдардан, жалган сөз, ушактардан аябай тажап кеттим. Эч ким тааныбас алыстарга кетким келип жүрөт. Баары эле мени сын көз менен карап жаткандай сезилип жатат. Алардын сөзүн айттырбай билем. “Качан күйөөгө тийет экен?” деп жүрүшөт. Тааныштар болсо мага күйөө таап башташты. Билем, жашым өтүп баратат, бирок, эмне кыл дейсиңер? Көңүлүмдөгүдөй жигит менен мен бирге боло албайт экенмин, тагдырыбыз бир эмес окшойт. Бирөөлөргө кеңеш берген жаным өзүмө эч акыл таба албай турам. “Сезимди акыл менен башкарса болот” дейт. Менде эрк жетпей жатат окшойт.
Эх, менин жароокерим, боорукерим, мен сени сагындым! “Кара көз” деп эркелеткениңди сагындым. Өткөн күндөрдү сагындым. Сендейди таба алаар бекем?.. Жок, жок, таппасам керек. Сендей инсанды Жараткан башка жаратпаган окшойт. Кыялымда баарына кол шилтеп, сени менен кол кармаша көз көрбөс жактарга кетип калгым келет. Бирок, бирок, андайга намыс жол бербейт. Тууган-урук, элдин сөзүнөн корком. Башым катты, кандай жол тутсам экен?..
Сени менен мамилени үзгүм келип аракет кылсам да, аракетим жүзөгө ашар эместей. Сенин "кандайсың?" деген СМСиңди канчалык кайталап окуурумду билээр бекенсиң? Жооп жазганда да, жазып кайра өчүрүп, оңдоп, аябай терең ойлонуп жазам сага. Экөөбүз мурдагыдай көп сүйлөшпөсөк да мага ушул "как ты?" деген сөзүң жетиштүү болуп жаткансыйт. Акыркы СМСинди окуп, ойго баттым. “Жизнь такая, приходится быть серьезным” депсиң. Сен да аябай токтолуп, мурдагыдай болбой калыпсың. Ортодогу тыныгуу экөөбүздү өзгөртүп салган сыяктуу”.