Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айнура Сагынбаева: “Коронавирус толкунуна кейип, ыйлап, ойлонуп кереги жок”

Айнура Сагынбаева: “Коронавирус толкунуна кейип, ыйлап, ойлонуп кереги жок”

29-сентябрь, 17:29
810 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Белгилүү косметолог Айнура Сагынбаева коронавирус жана коркунуч тууралуу ойлорун бөлүштү.

Мына дагы коронавирус толкуну келе жатат” деп коркутуп жатышат. Ооруп башташыптыр. Бирок ал нерсеге кейип, ыйлап, ойлонуп кереги жок го дейм. Кыргызда бир сонун сөз бар, “эл көргөндү көрөбүз” деген. Билбейм, чын эле бир жактан пайда болгон вируспу же үчүнчү дүйнөлүк согуштун бактериологиялык куралыбы?.. Аны саналуу адам гана билет болуш керек бул дүйнөдө. Билсе дагы бизге айтышпайт. А биз болсо бирөөлөрдүн чоң оюндарында кумурскадай катышуучулары болуп кала беребиз.

Ошондой болсо эмнеге калган өмүрүбүздү коркуп өтүшүбүз керек? Кудай канча өмүр берсе дагы, ошонун баркын билип жашаш керекпиз. Эпидемия мени эмнеге үйрөттү? Болбогон нерселерге капалануу керек эмес экенин көрсөттү. Жашооңду майда нерселерге, майда адамдарга коротуп кереги жок, ар бир мүнөтүн баалай билишибиз керек экен.

***

Алдыга көп пландарды коюп алып, кысылып, аларды ишке ашыруу үчүн күндөп-түндөп жанталашып, башың ооруп, жинденип... мунун баары артта. Бүгүн мен үчүн жашоо – кызыктуу оюн сыяктуу. “Оюнда утулуп калсаң, ыйлаба” дечү беле?

***

Жакындарың менен өткөргөн убакытты баала. Мен үчүн ушул аксиома болуп калды. Алардын ден соолугун сурайм, алардын көңүлү мен үчүн биринчи орунда.

***

Келечектен коркпойм. Келечек эч качан белгилүү болгон эмес, биз иллюзияда жашайбыз. Ал иллюзияны жарык кылып, жакшы нерселерди эңсеп жүрсөк болот, же караңгы кылып коркуп, шектенип жашасак болот. Тандоо сиздерде!

***

Бүгүнкү күндүн нурлары, алтын күздүн сары жалбырактары, балаңардын күлкүсү – мына чыныгы маанилүү нерселер. Таасирдүү нерселерге гана көңүл бурсак, бизди эч ким жеңе албайт”.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер