Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аскар Акаев “тойгончо жеп, өлгөнчө карганууда”

Аскар Акаев “тойгончо жеп, өлгөнчө карганууда”

05-июнь, 19:37
2 116 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Карма ууруну карма” деп ууру жүрөт” дегендей эле кеп болууда. Мурунку качкын президент Аскар Акаев каратып туруп жанын жеп жатат. Биринчи калпы: “Бирштейнди мен тааныбайт элем, мага аны маркум Насирдин Исанов тааныштырды” дейт. Бирштейнди Москвадан Бишкекке ээрчите келип, Акаевге Чыңгыз Айтматов тааныштырган. Ошол кезде Чыңгыз агабыз деле мамлекетибиз өссүн деген жакшы ой, изги тилек менен тааныштырса керек. Эгер Акаев коррупционер болбосо, “Сиабеко” компаниясынын башчысы Бирштейнге Акүйдүн 7-кабатынан орун берип, эмне үчүн кеңешчи кылып алды эле? 

Экинчиден, “Сиабеко” кийин “Камекого” айланып, алтын казуучу комбинат кура баштайт. “Камеко” компаниясын Аскар Акаев жерге-сууга тийгизбей мактап, “чоң масштабдуу инвестордук компания” деп кыргыз элинин башын айлантуу аракетин кылып келген. Мына, “Камеко” эч кандай инвестор эмес эле афёралык компания экенин турмуш тастыктап отурбайбы? Болбосо “Камеконун” уставдык капиталында (ошол кезде) болгону 500 миң АКШ доллары болгон. Алтынды казып алууга каражаттары жок, биздин Кумтөрдүн алтынын кепилдикке коюп, Дүйнөлүк банктан 460 миллион АКШ долларын алып, кура баштаган. Куруп бүткөн кезде сметалык наркынан алда канча чыгымдарын көбөйтүп, кен казууну баштап-баштабай жатып, бизди кайра 176 миллион АКШ долларына карыз кылып, мойнубузга илген. Эмне үчүн ошондо Акаев текшерүүгө барбай, алардын филкино грамотасына макул болгон? 

Үчүнчүдөн, канадалыктар “Камеко” компаниясына биздин Кумтөрдөгү активдерибизди азайтыш үчүн дочерний “Центерра Голд” компаниясын түзөт. Акаев ушул жерден дагы өз кызыкчылыгын мамлекеттин кызыкчылыгынан өйдө коюп, чоң салымын кошот. 

Төртүнчүдөн, Акаевдин эң чоң күнөөсү – кыргыз элине кыянаттык кылып, 2003-2004-жылдары “Камеко” “Центерра Голд” компаниялары менен түзүлгөн коррупциялык келишимдерде мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгы камтылбай калганы. Муну кыргыз эли күнү бүгүнкүдөй билет. Кумтөрдөгү элдин ырыскысын кесип жеп кеткен Акаевди эми дыкат текшерип, Москвадан алып келип, түрмөгө тыгыш керек! Элдин ырыскысын жеген кандай болот экенин көргөзүү зарыл. Ушул жерден бийлик башындагыларга айта кетүүчү жагдай: ичип-жегени кагаз жүзүндө фактылар менен далилденип жатса дагы, бозгун Акаев “тойгончо жеп, өлгөнчө карганып” жатат. Баса, Казакстандын мурунку премьер-министри Кажагельдиндин кайрылуусу эсиме түштү (ал азыр Европа өлкөлөрүндө жашап, иштеп жүрөт): “Кимде-ким, мейли өлкө башчылары болобу, көмүскө экономика менен шугулданып, өлкөсүн тоноп, качып жүргөн болсо, маа десе Швейцария банкына алтынын, акчасын, баалуу кагаздарын салып койсун, ал жактан оңой эле байлыктарын, көмүскөдөн алып чыгууга болот” дегени. Урматтуу бийлик башындагылар! Ошондуктан адалсынган Аскар Акаевдин накта жүзүн ачуу – учур талабы!


Болуш Султанов 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер