Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мугалимдин кол китебине айланган усулдук эмгек

Мугалимдин кол китебине айланган усулдук эмгек

15-ноябрь, 23:34
897 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, окумуштуу-методист Бектурсун Ашымович Байсабаевдин профессор Абдыкерим Муратов менен биргеликте «Адабиятты жаңыча окутуу: методдор, каражаттар жана иштелмелер» деген аталышта 2010-жылы жарык көргөн усулдук эмгеги ырасында эле басылып чыгары менен мектептердеги кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин кол китебине айланган. Китеп өтө деле көлөмдүү эмес, болгону 72 бет. Бирок ушу чакан көлөмүнө опол тоодой мазмун, маалымат сыйдырылган. Эмгек мектеп мугалимдерин адабиятты окутуунун жаңы сабак формалары, алгылыктуу заманбап технологиялары менен жакындан тааныштырганы менен баалуу. Мында адабиятты ‒ кыргыз адабиятын мектепте жаңыча окутуу жөнүндө сөз жүрүп, андагы колдонулуучу усул-ыкмалар, каражаттар баяндалып, сабак иштелмелеринин үлгүлөрү камтылып берилген.

Эмгекте усулдук колдонмолуу материалдар менен катар эле адабиятты жаңыча окутууга байланыштуу теориялык маалыматтар да жетиштүү камтылган. Эң биринчи эле «метод» деген эмне экени, анын ыкмадан айырмасы, методдун бир нече ыкмалардан курулары тууралуу айтылат. Авторлордун ишениминде «метод – бул ишмердүүлүк, чыгармачылык. Ошол чыгармачылык аркылуу бул же тигил методго ар бир доордо ар бир мугалим тарабынан жаңы нерселер кошулуп турат. Мисалы, 5-класстын кыргыз адабияты предметинде көп жылдардан бери Аалы Токомбаевдин «Жайдын кечи» деген лирикалык ыры окутулуп келет. Мына ошол чыгарманы окутууда жалпы мугалимдерге мүнөздүү методдор жана ыкмалар бар – ал ырды көркөм окуу, жаттоо, ырдын негизинде сүрөт тартуу ж.б. болушу мүмкүн, ошол эле кезде айрым бир мугалимдер ар кимиси өз кызыгуусуна жана дараметине ылайык жекече ыкмаларын да колдонот, мисалы, бирөө жаратылышка чыгып алып сабак өтөт, башка бирөө кинофильмден фрагмент көрсөтөт, же дагы бирөө ырды мыкты окуган артистти алып келип, ырды көркөм окутат ж.б.» (Адабиятты жаңыча окутуу: методдор, каражаттар жана иштелмелер. ‒ Б., 2010. ‒ 4‒5-б.)

Адабиятты жаңыча окутууга өтүүнүн маанилүүлүгүн, актуалдуулугун баса белгилөө менен авторлор бул эмгегинде учурда адабиятты заманбап окутууга карата үч башка мамиленин орун алыш жагдайына атайын токтолушат. Мындагы пассивдүү мамиледе «мугалим сабак процессинин негизги башкаруучусу, башкы кыймылдаткыч күчү катары көрүнөт да, окуучулар анын иш-аракетин байкоочу, сөзүн тыңдоочу катары гана отурат. Мында көбүнчө лекция, суроо-жооп, текшерүү иштерин жазуу, тесттин суроолоруна жооп берүү, мугалимдин айтканын кайталоо сыяктуу ыкмалар колдонулат. Бул жол менен деле тажрыйбалуу мугалимдер көздөгөн максатына жетет».(Аталган эмгек ‒ 6-б.) Активдүү мамиледе «мугалим менен окуучунун сабак процессиндеги алака-катышында окуучулар жандана баштайт, алар тыңдоочу, байкоочу позициядан таасир этүүчү, аракеттенүүчү абалга өтөт». (Аталган эмек ‒ 6-б.) Ал эми интерактивдүү мамиле ‒ активдүү мамиленин «дагы өркүндөгөн формасы. Бул өзү интерактивдүү («inter» – өз ара, биримдикте, «act» – аракеттенүү деген маанилерде) – «биргелешип аракет кылуу» дегенди түшүндүрөт, б.а., мугалим менен окуучу бири-бири менен биригип, бирдей аракет кылып, максатка жетүү жолун издешет. Бул деген мугалим менен окуучунун биримдигин гана түшүндүрбөйт, мында окуучулар да бири-бири менен чыгармачылык тыгыз байланышта аракеттенишет». (Аталган эмгек ‒ 7-б.)

Усулдук эмгекте андан ары карай адабиятты окутуудагы сабак формалары, алардын бөлүнүштөрү, заманбап салттуу методдордун классификацияланышы тууралуу сөз жүрөт. Мында орустун белгилүү методист-окумуштуулары В.В.Голубковдун, М.А.Рыбникованын, Н.И.Кудряшевдин классификацияларына анализ берилип, Г.Н.Иониндин көркөм интерпретация методу, сын-публицистикалык жана адабий издөө-иликтөө методу, ошондой эле долбоорлоо методу чечмеленген. Авторлордун ишениминде «көркөм интерпретациялоо методунда окуучу чтец-интерпретаторго айланып, мугалим өз алдынча режиссер катары көрүнөт, бул болсо чыгармачылык метод. Сын-публицистикалык методдо окурмандын өзүнчө бир тиби окурман-сынчы жаралат да, ал окуганына баа берет. Адабий издөө-иликтөө методунда мектептик, окуучулук адабияттаануу колго алынып, балдар белгилүү даражада иликтөөчүгө, изилдөөчүгө, адабий сынчыга айланат». (Аталган эмгек ‒ 19-б.) Ал эми «долбоорлоо методу ‒ окуучулардын жамаатташып иштөөсүнө жана алардын чыгармачылык активдүүлүгүн, ой жүгүртүүсүн, тапкычтыгын өстүрүүгө багытталган ишмердүүлүк». (Аталган эмгек ‒ 19-б.) Мында ошондой эле адабиятты мектепте проблемалык окутуу, предмет аралык байланышта окутуу, интеграциялап окутуу маселелери да камтылып кеткен.

Авторлор адабиятты мектепте жаңыча окутуунун жаркын көрүнүштөрүнүн бири катары коммуникативдик-топтук методду эсептешет. Мында окутуунун оюн сабактары, сабак-таанытым (сабак-презентация) формалары аракетке киргизилет. (Аталган эмгек ‒ 28-32-б.)

Адабиятты ‒ кыргыз адабиятын заманбап талаптарда окутуу боюнча теориялык маалыматтарды иш практикасы менен бекемдөө иретинде эмгекте ошондой эле интерактивдүү жана салттуу эмес сабак үлгүлөрү камтылып кеткен. Бул сабак үлгүлөрү колдонууга ылайыктуулугу, усулдук жактан жеткилең иштелгени менен көңүлдү өзүнө бурат.

Жыйынтыктасак, усулдук жактан өзгөчө баалуу, ушу азыркы учурда да актуалдуулугун жоготпой келген бул чакан китепченин авторлорунун бири, окумуштуу-педагог Бектурсун Ашымович Байсабаев 70 жашка чыгып отурат. Кутман курагыңыз кут болсун, Бек агай! Чың ден соолукта, аманчылыкта болуңуз! Өзүңүздү, үй-бүлөңүздү албан ийгиликтер жылоолосун!


Кесиптеш иниңиз Болот Оторбаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер