Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мария Логвиненко: «Төштү чоңойтуу модага айланып, аялдардын, кыздардын кызыгуусу артылууда»

Мария Логвиненко: «Төштү чоңойтуу модага айланып, аялдардын, кыздардын кызыгуусу артылууда»

05-сентябрь, 23:04
1 046 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мария Логвиненко бир нече жылдан бери Бишкек шаарындагы жеке клиникалардын биринде эмгектенет. Айтымында, үч-төрт жылдан тарта айымдар арасында төштөрүн чоңойтуу операциясы модага айланган. Мындан улам, операциянын ушул түрү боюнча кеңири маалымат берүүнү туура көрдүк


Бир айда беш айымдын төшүн чоңойтом

-- Аялзаты үчүн дененин ар бир мүчөсү маанилүү. Бирок, акыркы жылдары  өлкөдө пластикалык хирургиянын маммопластикалык түрү, тагыраагы, айымдар арасында төшүн чоңойтууга суроо-талап жогору болууда. Барыбызга белгилүү болгондой, аялзаты бала төрөп, аны эмизгенден кийин эмчек өзүнүн баштагы формасын жоготуп, жумшак жана кичинекей болуп калат. Мына ошондуктан, аялдар операция жасатышат. Мага келген кадарлардын көбү үй-бүлөлүү же балалуу айымдар десем болот. Бирок, акыркы 2-3 жылда бойдок, жаш кыздардын да бул операцияга кызыгуусу артып баратат. Айымдар пластикалык операциянын баардык түрүн жакшы көргөн адамына жагуу максатында жасатышат (!) десем жаңылышпайм. Муну менен алар мырзаларынын негизги каалоолорун аткарууга далалаттанышат. Мен бир айдын ичинде болжолу менен беш айымдын төшүн чоңойтом.   


Маммопластика кеңири жайылды

-- Маммопластика жасатуу татаал операциялардын катарын толуктагандыктан, бейтаптар аны жасаган адистин тажрыйбасына көңүл буруусу кажет. Себеби, операция ийгиликсиз болуп калса, ден соолугунан жабыркайт. Операциядан кийин бейтап кадимкидей күн өткөрөт, болгону үч айга чейин денеге физикалык оорчулук келтирбей, спорт менен машыкпай туруусу шарт.  


Имплантты туура тандоо маанилүү

-- Имплантты тандоодо аны өндүргөн фирмага, формасына көңүл буруу абзел. Эгер айымдын төшү кичинекей болсо, ага тоголок формадагы, чоңураак көлөмгө тамчынын, башкача айтканда, сүйрү формадагы имплант туура келет. Бизге кайрылган айымдардын басымдуусу тамчы сымал форманы тандашат. Мындай имплантты салуу хирургга дагы жеңил болот. Анткени, имплантты эмчектин астын кесип коюуда кан тамырларга доо кетпейт, бат эле калыбына келет.


Эмчектин үрпүн кесип да имплант салууга мүмкүн

-- Эмчектеги үрптүн ареолу аркылуу да имплантты коюуга болот. Бирок, бул эң татаал жана бейтапка чыдатпаган оору алып келе турган жол. Мында сүт бездерине гана эмес, үрптүн сезимталдыгына да доо кетиши мүмкүн. Бала эмизүүдө терс таасирин тийгизет. Ал эми имплантты алып салууда маселе жаралбайт. 


Төштү жасалма жол менен чоңойтуу бала эмизүүгө зыянын тийгизбейт

-- Бул суроону баардык айымдар беришет, адис катары дагы бир жолу айтам, импланттын бала эмизүүгө зыяны тийбейт. Операция эмчектеги сүт бездерине доо кетирбей жасалышы керек. Маммопластиканын ыкмалары арбын. Мисалы, имплантты колтук жактагы эттин астынан киргизүүгө болот. Бул ыкма кооптуу, анткени мындан сүт бездери жабыркап калышы ыктымал. 


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер