Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гүлшайыр Садыбакасова филармонияны талкалап салып, долуланган кербези

Гүлшайыр Садыбакасова филармонияны талкалап салып, долуланган кербези

15-декабрь, 12:54
21 079 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ош облустук Рысбай Абдыкадыров атындагы филармонияны Гүлшайыр Садыбакасова 22 жылдан бери башкарып, талкалап салганы шардана болду. Бул боюнча депутат Аида Исатбек кызы парламенттен билдирген. Полдору түшүп, дубалдары урап атканын мисалга келтирген эле. Мындан сырткары, көрүүчүлөр залындагы отургучтар жыртылып, сына баштаган. Айтор, баардык көрүнүштөрү көзгө комсоо тартканы жашыруун эмес. Гүлшайыр Садыбакасова чейрек кылымга жакын директорлук кызматты аркалап, бирок көрүнүктүү иш жасабаганы өкүнүчтүү. Өзүнүн дарегине сын айтылса эле беттен алып, долуланганы адатка айланып калгандай. Эми маданият жайын “күмжам” кылган соң, кызматын таштай качып, жоопкерчиликтен кутулуп кетеби? Акылга сыйбаган көрүнүш эмеспи. Карыганда уят! Анан калса, өзүнүн дарегине айтылган аргументтерге чычалап, моюн бербей беттырмарлык кылганын кантебиз? Өнүгүүгө ар дайым кастарын тигип, коомду ушундай адамдар артка тарта береби? Ынсабы бар адамдар баш чайкап жатышса керек... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер