Жасалма диплом, кош жарандуулугу үчүн Таалайбек Сарыбашов күч органдарын сатып алганбы?


Эл карап турат да. Буга чейин Таалайбек Сарыбашовдун жасалма диплому, кош жарандуулугу боюнча маалыматтар чыгып атса, УКМК, ИИМ, башкы прокуратура көз жумуп койду. Ошол эле кезде Орозайым Нарматованы шектүү диплому үчүн мандаттан ажыратты. А бул кошоматчы мандатын сактап отурат. Акыйкат кайда? Жок дегенде маалымат берип коюшпайбы? Коомчулуктан канча деген арыз-даттануулар болуп атат? Же Сарыбашовдун башы алтынбы? Тийешелүү органдарды паралаганбы? Деги түшүнүксүз. Кызык, “Ата Журт Кыргызстан” партиясынан депутат болгону үчүн кастарлап атасыңарбы? Бул эргул Алайдын акими, Ош облсунун губернатору, Ош мэри катары жасалма диплом менен иштесе, кош жарандыгы ачыкталса, мамлекеттин баалуулуктарына түкүрө бересиңерби? Ырааттуулук кайда? Мындай коммерсант-чиновник мамлекеттик кызматттарды ыпластыкка батырып кетсе, кийинки муунга үлгү калтыруу таризинде чындыкты ачыктап, кичине тазаланбайлыбы? Эмнеге унчукпайсыңар? Президенттик администрация акыйкат үчүн баа береби? Же Таалайбек Сарыбашов баарын сатып алып, булгап жаткан кербезиби? Жооп күтөбүз.
"Азия Ньюс" гезити











