Транспорт, турак жай салыгын төлөөгө 10 күн калды


Жарандарда транспорт каражатына, турак үй, батир жана үй жанындагы жер участогуна салыкты белгиленген мөөнөттө төлөө үчүн 10 күн убакыт калды. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматы (МСК) билдирет.
Ушуга байланыштуу, МСК транспорт каражаттарынын, турак жай жана жер үлүшүнүн ээлерин калган убакытты пайдаланууга жана өздөрүнүн салык милдеттенмелерин аткарууга жетишүүгө чакырат.
Салыктарды каалаган банк мекемесинин кассаларынан, почта бөлүмдөрүнөн, ошондой эле төлөм жана POS-терминалдарынан, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары же башка перифериялык түзүлүштөр аркылуу төлөөгө болот.
1-сентябрга чейин төмөнкүлөрдү төлөө керек:
– транспорт каражатына салык,
– турак жай имаратына, курулмага жана жайга салык (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган),
– үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык.










