Байсалов кайда? Лондондо, Бишкекте, эми Караколго сапар алды
Конституциялык кеңешмеде Эдил Байсаловго бир обужок чал асылып, “атып салыш керек” деген сыяктуу орой, сөгүнгөн сөздөр менен жинденет. Ал тасманы көпчүлүк көрдү. Эмоцияга алдырган Байсалов “атаңдын башы” деген. Дагы жумшак жооп берди. Кыкеңдер мындайды төл сөз катары эле колдонушат. Эми ушул көрүнүштү айрымдар улам козгошуп, “Эдил улуу адамга каяша кылды” дешип, ар кандай ээн ооздукка барышып, соцтармактарда “тепкилегенге” алышты. А акыл-эстүүлөр туура эле түшүнүп атышат...
Бирок, майдачылыкка, айың-кептерге маани бербеген Эдил Байсалов эки күндүк сапары менен Караколго жөнөп кетти. Ысык-Көлгө жаңы долбоорлорду жаратуу, инвестор тартууну ойлосо керек. Ошого катар чер жазып, лыжаны да катыра тээп келсин...
Лондондогу элчилик кызматына кайткыча көп ишти бышырса керек...
Aryba.kg