Акыркы кабарлар
» Саясат » Кожобек Рысбаев афган ардагерлерин кайыр-садага менен уят кылабы?
Кожобек Рысбаев афган ардагерлерин кайыр-садага менен уят кылабы?
18-декабрь, 13:46

Жогорку сот Кожобек Рысбаевдин арызын күчүндө калтырып, “Ачык саясат” гезитинен 300 миң сом өндүрүү чечимин чыгарды. Мунун өзү сөз эркиндигин кысуу, демократияга көлөкө түшүрүү катары бааланат. Гезиттин башкы редактору Назгүл Мамытова андай каражаты жок экенин билдирип, 1 сомдон чогултуу акциясын баштады. Коомчулук колдоого алууда. Ошондо кайыр-садага катары 300 миң сом чогулса, аны Кожобек Рысбаев афган ардагерлерине берери кабарланды. Ушунчалык да пастыкка түшөбү? Афган ардагерлери кайыр-садага алмак беле? Бул жерден Кожобек Рысбаев кечээги согушкерлерди да уятка калтырып, беттерине көө жаап аткан жокпу?..
Aryba.kg











