Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Батыгүл Исмаилова: “Коронавирустун жаңы түрүнүн жайылышы 70%га жогору”

Батыгүл Исмаилова: “Коронавирустун жаңы түрүнүн жайылышы 70%га жогору”

24-январь, 01:20
2 160 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башкы адиси ден соолук көйгөйлөрү туурасында ой бөлүштү.

-- Министрликтин билдирүүсүнө таянсак, февраль-март айларында коронавирустун 3-толкуну күтүлүп жатат. Бул толкундун мурдагылардан айырмасы эмнеде?

-- Азыркы учурда баардыгыбызга белгилүү болгондой, коронавирустун мутацияланган штаммы аныкталган. Бул британдык штаммы катары анык болуп атат. Анын жугуштуу экендиги аныкталды, башкача айтканда, коронавирустун кадимки түрүнө караганда тезирээк жайылат. Британиялык адистер анын жайылуу ылдамдыгы 70%га жогору экендигин белгилешет жана вирустун бул түрү анчалык коркунучтуу эмес. Тактап айтканда, оорунун оор формаларына алып келбейт. Бирок, мурунку версияга караганда көбүрөөк жугушу мүмкүн. Азыркы учурда бул мутацияланган штамм Англиядан башка өлкөлөргө да жетти. Буга байланыштуу көптөгөн өлкөлөр карантин чараларын күчөтүп, чек араларын жарым-жартылай жаап салышкан.

Биздин мамлекетебизде дагы ушуга байланыштуу саламаттык сактоо министрлигинен башка дагы 5 мамлекеттик органдар жана “Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомунун катышуусу менен биргелешкен буйрук иштелип чыкты. Ошонун негизинде чет мамлекеттен келген адамдардын жарандыгына карабастан 72 сааттын ичинде ПЦР-анализдин тастыктоосу талап кылынат (дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, эл аралык уюмдардын кызматкерлеринен, чет мамлекеттердин делегацияларынан, авиа экипаждарынын мүчөлөрүнөн, шайлоого катышуучу байкоочулардан башкалары).

-- Үчүнчү толкундун алдын алуу жана аны менен күрөшүүнүн кандай чаралары көрүлүүдө? Мурдагы каталар кайталанбайбы?

-- 2021-жылдын 19-январына карата Кыргыз Республикасында 83268 коронавирус учуру катталды, анын ичинен 43478 лаборатордук тастыкталган жана 39790 клиникалык-эпидемиологиялык жактан аныкталган учурлар. Бир сутканын ичинде 90 учур катталды. Азыркы учурда медициналык көзөмөлдө 1700 бейтап турат. Анын ичинен 742си стационарларда жатып дарыланып атышат, ал эми 958 бейтап үй шартында дарыланууда.

КР саламаттык сактоо министрлиги коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу, өкмөттүн токтомдорунун, буйруктарынын, республиканын аймагында коронавирустук инфекциянын жайылышына жана анын кесепеттерине алып келген оперативдүү штабдын протоколдук тапшырмаларынын, медициналык жардамдын андан ары жайылышына жол бербөө боюнча өз ишин жүргүзгөн. Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын эске алуу менен ДСУнун сунушу жана КР саламаттык сактоо министрлигинин буйруктары менен бекитилген клиникалык протоколдор ишке киргизилген.

Коронавирус инфекциясынын 3-толкунуна даярдануу, калктын арасындагы ооруну, өлүмдү азайтуу, ошондой эле саламаттык сактоо уюмдарына түшчү жүктү турукташтыруу максатында өкмөттүн 2020-2021-жылдардагы күз-кыш мезгилинде коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын планын аткарууну улантууда. Бул иш пландын негизинде бир топ даярдыктар жүргүзүлдү: ошол эле жаңы ооруканалардын курулушу. 8 объектте капиталдык ремонттон өткөрүү жана профилдештирүү боюнча пландаштырылган 9 саламаттык сактоо мекемесинин оңдоо иштеринин аякташы, 37 “тез жардам” жана 17 санитардык автоунаалары бөлүштүрүү планы боюнча республиканын саламаттык сактоо уюмдарына жөнөтүлдү. Жеке коргонуу каражаттарын сатып алуу, дары-дармектердин запасы менен камсыз кылуу, лабораториялык шаймандарды жана тесттерди сатып алуу жүрдү. 

-- COVAX механизмин ишке ашыруу боюнча кандай маалыматтар бар?

-- 2020-жылдын июль айында Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин атына covid-19га каршы вакцинациясын жалпыга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында COVAX механизмине катышууга вакцина жана иммунизация боюнча глобалдык альянстын (GAVI) катчылыгынан чакыруу кат алынгандыгы туралуу Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги маалымдаган. Кыргызстан COVAX механизмин колдоо боюнча чечим кабыл алды. ( COVAX механизми – бул COVID-19га каршы вакцинага глобалдык мүмкүнчүлүк болуп саналат). 2020-жылдын сентябрь айында вакцина жана иммунизация боюнча глобалдык альянс өлкө катчылыгынан Кыргыз Республикасынын президентинин атына өлкөнүн ушул механизмге кириши жөнүндө расмий кайрылуу кабыл алынган.

Алынган документтерге ылайык, алгачкы дозалардын көлөмү 3%ды түзөт, бул медициналык жана социалдык жардам көрсөтүүгө катышкан баардык кызматкерлерди камтууга жетиштүү болот. Ошондой эле өлкөдөгү калктын 20%ын, ал категорияда улгайган адамдар (65 жаштан жогору), коштоочу оорулары бар чоңдор же жергиликтүү тобокелдиктерге байланыштуу башка адамдарды эске алуу менен кошумча дозалар алынат.

COVID-19га каршы вакцина – бул механизм аркылуу өлкөгө 2021-жылдын июнь айында гуманитардык жардам катары кайтарымсыз берилет. COVID-19га вакцина алуу үчүн өлкө өтүнмөсү даярдалды жана биринчи “А” бөлүгү 2020-жылдын 4-декабрында GAVIге (вакцина жана иммунизация боюнча глобалдык альянс) жөнөтүлдү. 2020-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрине COVAX эл аралык демилгесинин башкаруу органынын атынан COVAX механизмине катышууга өтүнмөнүн келиши тастыкталган. 2021-жылдын 6-январында Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри жана финансы министри тарабынан кол коюлган, өлкөнүн экинчи “Б” бөлүгү өтүнмө көрсөтүлгөн мөөнөттөргө ылайык GAVIге жөнөтүлгөн. Вакцинаны жайгаштыруунун улуттук стратегиясы иштелип жатат, анда вакцинацияны пландаштыруу стратегиясын аныктоо керек.

ДССУ, ЮНИСЕФ жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги тарабынан кошумча терс (минус) муздатуучу жабдууларды сатып алууну эсептөө үчүн муздатуучу шаймандардын инвентаризациясы менен муздак чынжырды баалоо жүргүзүлүүдө. 2021-жылдын 11-январында өлкө ДДУнун расмий түрдө Pfizer-BioNTech Pfizer BNT162b2 вакцинасын колдонуу боюнча сунуштарын алган. Саламаттык сактоо уюмдарынын деңгээлинде ушул вакцина үчүн өтө суук температура (-70 градус) бар М-РНК вакцинасы, ошондой эле 0,3 мл көлөмүндөгү стандарттуу эмес шприцтер талап кылынат. 

Саламаттыкты сактоо министрлиги ДССУ тарабынан кайра даярдалган атайын жабдуулардын бааларына мониторинг жүргүздү, учурдагы баалар 2000-4000 доллар турат.

“Иммунопрофилактика” программасынын алкагында саламаттык сактоо уюмдары вакциналарды сактоо үчүн жетиштүү өлчөмдө +2, +8 градус, ошондой эле республикалык, регионалдык жана регионалдык кампаларда -15тен -25 градуска чейин муздак жабдуу менен камсыз болушат. Бул COVIDге каршы вакциналарды сактоо үчүн жетишсиз. 19 муздатуучу жабдууга жана эмдөөгө максаттуу топко болгон муктаждыктын эсеби жүргүзүлөт.

2021-жылдын 19-январында саламаттык сактоо министрлигинин медициналык илимий-техникалык тобу ДССУ уюштурган вебинар жыйынына катышып, COVAX механизмине катышкан башка өлкөлөр менен бирдикте, Pfizer-BioNTech вакцинасын колдонууга жана алмашууга уруксаттын негизинде убактылуу сунуштаманы карашат. АКШ, Улуу Британия жана Хорватия сыяктуу башка өлкөлөрдө ишке ашыруу тажрыйбасы бар. Ошондой эле бул жолугушууда алар Pfizer-BioNTech тарабынан чыгарылган COVID вакцинасынын маркетингден кийинки мониторингинин алкагында алынган биринчи маалыматтар менен бөлүшүшөт.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстан коронавируска каршы Pfizer ваксинасынан баш тартары маалымдалды. Буга вакцинаны сактоо үчүн техникалык шарттын жоктугу себеп экенин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат каражаттарына билдирген.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер