Осунбек ЖАМАНСАРИЕВ, Апрель каарманы: “Бакиев жөн жатпай баатырларга, мекенчилдерге моралдык сокку жасады”

-- Осунбек мырза, социалдык түйүндөргө Курманбек Бакиевдин ысымы Ноокен районундагы көчөлөрдүн бирине ыйгарылганы тууралуу кептер кетти...
-- Биз да бул жаңылыкты угуп, нес болуп, коомдор козголуп, ич ара сүйлөшө баштаганбыз. Бирок, кайра ал чечим жокко чыгарылганы тууралуу айтылды. 7-апрелде канча киши курман болду? Канча кан төгүлдү? Кырчындай канча жигиттерибиз жер алдында калды? 30 жылга кесилген ал адамдын ысымын көчөгө ыйгаруу акылга сыйбаган нерсе эле. Бул көрүнүштү эл жаман кабыл алды. Жакындары каза болгон адамдар жүрөгү сыздап, кайра-кайра кайрылып сурап жатышты. Баары эле “Бакиев коомго аралашуу аракетин жасап жатат окшойт” деген ойлорун айтып жатышат. Ага чейин Бакиевдин жанында жүргөн фигуралардын бири Конгантиевдин ысымы бир көчөгө ыйгарылды. Буга чейин Бакиев тууралуу тасма көрсөтүлүп, китеп чыкты. Айтор, бүгүн Бакиевдин колу бул жакка чейин жетип жатат да. Соттун чечими чыккан, соттолгон адамдын ысымын көчөгө ыйгаруу түшүнүксүз, жүрөк оорутарлык оор жагдай. Кыскасы, Бакиев жөн жатпай 7-апрелде каза болгон баатырлардын туугандарына, баатырларга, мекенчилдерге түздөн-түз моралдык жактан сокку жасады.