Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » 25 жаштагы жигит көлмөдөгү адамдардын көз алдында жан берген

25 жаштагы жигит көлмөдөгү адамдардын көз алдында жан берген

15-июнь, 13:38
452 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

14-июнда Аламүдүн районуна караштуу ГЭС-5 айылындагы көлмөгө 25 жаштагы жигит чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты. Маалыматка караганда, ӨКМдин куткаруучулары маркумдун денесин көлмөдөн чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.

“Турмуш кж” сайтынын аймактык кабарчысынын айтымында, маркум Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун 1995-жылы туулган тургуну О.Б. болгон.

«Биз кечээ, 14-июнда саат 18:00 чамасында көлмөдө жүргөнбүз. Ошол маалда биздин көз алдыбызда эле бир жаш жигит чөгө баштады. Жээктен болжол менен 7-8 метр аралыкта болчу. Көлмөнүн кароолчулары чуркап келип, бирок куткара албай коюшту. Андан соӊ ӨКМдин куткаруучуларын чакырышты. Алардан үч киши келип, жыйырма мүнөттө маркумдун денесин алып чыгышты» деп билдиришти күбөлөр.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер