Ленара Ниязбекова: “Туризм жөн эле сезондук соода эмес, мамлекеттин имиджи, жумушчу орундардын булагы”


“Кыргызлэнд” экспортёрлор жана импортчулар ассоциациясынын төрайымы Ленара айым менен маек.
-- Кыргызстанда туризм үчүн болгон мүмкүнчүлүктөр толук пайдаланылбай келет. Туристтер жыл сайын агылып келгенине карабастан, тейлөө деңгээлинин төмөндүгү, мыйзамдык боштуктар жана жалпы башаламандык чоң тоскоолдуктарды жаратуудабы? Сиз кандай пикирдесиз?
-- Кыргызстан туризм үчүн абдан ыңгайлуу өлкө. Жаратылышы кооз, тоолору укмуштуудай, Ысык-Көл – дүйнөгө таанылган эс алуу жайы. Ошентсе да, мамлекет бул багытта эмнени биринчи кезекте өнүктүрүү керектигин азыркыга чейин аныктай элек. Туризмдин кайсы багыттары артыкчылыктуу болушу керек? Бул суроо дагы деле ачык бойдон калууда.
Бизде туризмдин бир нече түрүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк бар: тоо туризми, экотуризм, тарыхый, этно жана маданий туризм, медициналык жана спорттук туризм ж.б. Бирок алардын ар бирине тийешелүү эрежелер, мыйзамдар, тейлөө стандарттары иштелип чыга элек. Мисалы, тоо туризми коопсуздук жагынан өтө жооптуу. Аны өнүктүрүү үчүн альпинисттерге, гиддерге, туристтик топторго тийешелүү эрежелер, көзөмөл жана жоопкерчилик керек. Бирок бул боюнча так талаптар жокко эсе.
-- Ысык-Көлдөгү мүмкүнчүлүк боюнча оюңузду уксак...
-- Эс алуучулар эң көп келген аймак – Ысык-Көл. Бирок ал жерде да негизги көйгөй – тазалык жана тейлөөнүн сапаты. Туристтер эс алууга келет, бирок таштанды, ыңгайсыз шарттар, тейлөөнүн начардыгы аларды иренжитип коёт. Эң өкүнүчтүүсү, экологияга карата кайдыгерлик. Көлдүн жээгиндеги ишкерлер сезон учурунда бааларды асмандап көтөрүшөт, бирок сервистин деңгээли ошого жооп бербейт.
Көптөгөн туристтер жарнамада көрсөтүлгөн шарт менен чыныгы тейлөөнүн дал келбегенине нааразы болушат. Алар “ушул акчага башка өлкөдөн сапаттуу эс алып келсек болмок” деген жыйынтыкка келишип, кайра кайтып келбей калышат. Башкача айтканда, биринчи терс таасир жаралса, экинчи мүмкүнчүлүк келбейт.
-- Кыргызстанда тарыхый, ыйык жайлар да арбын эмеспи...
-- Ооба, бирок аларды тейлөөдө да ыраатсыздык көп. Туристтердин жүрүм-турумуна байланыштуу эрежелер жок, гиддер жетишсиз, маалыматтык инфраструктура начар. Бул тармакта кызмат көрсөткөн ишкерлер же компаниялар кандай эрежеге баш ийери белгисиз. Лицензиялоо, коопсуздук, сапат – бул баары ачык бойдон турат.
Бүгүнкү күндө “мынча турист келди” деген кур ураандар менен мактануу убагы өттү. Эми туризм тармагын чыныгы мыйзамдардын, сапаттуу тейлөөнүн, калыс баа саясатынын негизинде өнүктүрүү керек. Болбосо өлкөбүзгө болгон кызыгуу убактылуу гана болуп калат. Туризм бул жөн эле сезондук соода эмес, мамлекеттин имиджи, экономиканын бир тармагы, жумушчу орундардын булагы, маданий байланыштын көпүрөсү.
Мамлекет тарабынан комплекстүү стратегия иштелип чыгып, туризмге жооп берген органдар күчтөндүрүлүп, билимдүү кадрлар тартылмайынча, ар жыл сайын кайталанган көйгөйлөр менен алыска бара албайбыз.
"Азия Ньюс" гезити











