Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн камаганга Ташиевдин шайы жетпей калдыбы?

Бийлик 2010-жылдагы Июнь коогалаңын эстеп, Ош, Жалал-Абад аймактарынан упай алууну ойлогонбу (?), айтор, УӨ мүчөлөрүнө кылмыш иштерин козгогон. Бул өңүттөн пиар кампания катуу башталып барып, аягы сууга от чачкандай дымып калды. Көрсө, Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев, Исмамил Исаков, Иса Өмүркулов, Темир Сариев, Абдыганы Эркебаев, Эмилбек Каптагаев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Алмазбек Атамбаев ж.б. убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн табы жетиштүү, бийликке каршылык көрсөтөрү жашыруун эмес тура. Башында “карт бөрү” саясатчыларды коркутууга киришкен УКМК тизгинди секин тартып, билдирүү жасабай, билмексен маанайына өткөнү кандай? Же чек арадагы согуш, кандуу окуялар сестентип койдубу? Мындан ары кандай кадамдар шилтенет? Эми эски жараны тырмоо менен ички согушту башташса, Июнь коогалаңын көтөрүшсө, аягында эмне болот? Ичибизден ырк кетсе, жакшы эмес. Капсалаң. Кыскасы, УӨ мүчөлөрүн камаганга Камчыбек Ташиевдин шайы жетпей калдыбы?
"Азия Ньюс" гезити