Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Исхак Масалиев, ЖК депутаты: “Экс-спикерлерге акча эмес, сый эле сурап атабыз”

Исхак Масалиев, ЖК депутаты: “Экс-спикерлерге акча эмес, сый эле сурап атабыз”

03-март, 19:00
915 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Исхак Абсаматович, парламенттин мурдагы төрагаларына экс-спикер макамын берүү сунушталууда. Сиз бул сунушка кандай карайсыз?

-Мен өзүм демилгечилердин биримин. Бул жөнөкөй эле мыйзам. Аны ызы-чуу кылуунун эч кажети жок. Ал жерде эки гана нерсе кошулуп жатат. Экс-төрагаларга спецооруканада каттоосун калтыруу, анан самолет менен учканда расмий кишилер уча турган залдан пайдалануу укугун берүү. Айлык-майлык, пенсия, эчтеке кошулбайт. Өкмөт долбоорго каршы пикир берип, 317 миң сом керек экен деп атат. Айланайын, уят эмеспи! Кеп 300 миллиард жөнүндө болуп жаткан жок да. Мен вице-спикерге айттым, аны фонддон элө төлөп коёбуз. Мурдагы спикерлер 100 жыл жашабайт го. Ансыз деле бирден тарап кетип атышат... Өкмөт буга көңүл бурбаш керек да. Одоно айтканда, бул бир эксперттин айлыгы. Муну көпчүлүк түшүнбөй, реакция жасап атышат. Биз өкмөттөн акча сураган жокпуз да. Бул жерде привилегия деген сөз жок. Сый деген эле сөз. Билбей турам, 317 миң сом деген цифраны алар кайдан алышкандарын... Мен випзалдан уча турган болсом, 1000 сом төлөшүм керек. Депутаттын консультанты 200 сом менен учат. Мурдагы спикер бекер учуп кетсе эмне болот эле?

-Кечирип коюңуз, сиз мурдагы спикер катары кызыкдар болуп жаткан жоксузбу?

-Мурдагы спикер деп мени ким тааныды? Убактылуу өкмөт тааныган жок да. Адилеттүүлүк үчүн менин сүрөтүм илинип турат. Бирок, мурдагы төрагаларга окшоп расмий түрдө МАИ менен жүргөн жокмун. Мени тогузунчу бөлүмдүн кызматкерлери кайтарууга алышпады. Тескерисинче, мени 2010-жылы камап коюшкан. Ал мыйзам мага тийешелүү болобу-болбойбу, билбейм. Бирок, канткен күндө деле 5 жолу депутаттык мандат алып, иштедимэмгек сиңирген юристмин. Эми расмий делегация учкан залдан учуп койсом, мамлекет үчүн чоң жоготуу деле жаралбайт го...   


"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер