Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Парламенттик шайлоого 6 партия катышуу ниетин билдирди

Парламенттик шайлоого 6 партия катышуу ниетин билдирди

01-сентябрь, 12:01
1 682 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

БШКга Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышуу ниетин билдирип алты саясый партия кайрылды. Бул тууралуу Боршайкомдун маалымат кызматы билдирди.

Шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген. Катты берүүнүн акыркы мөөнөтү 2021-жылдын 3-сентябры, саат 18:00.

БШКга кайрылган 6 партиянын тизмеси:

  • "Социал-демократтар";
  • "Улуттар Биримдиги";
  • "Ишеним";
  • "Альянс";
  • Кыргызстандын "жашылдар" партиясы;
  • "Жаратман эл".

БШК шайлоонун өтө турган датасы белгиленгенден кийин беш календарлык күндүн ичинде аталган жараянга катыша турган саясый партиялар Борбордук шайлоо комиссиясына кат түрүндө билдирүү жөнөтүшү керектигин эскертет.

БШКга жазуу түрүндөгү билдирме саясый бирикменин жетекчисинин колу коюлуп, мөөрү басылып, ага партиянын уставынын көчүрмөсү нотариустан күбөлөндүрүлүп, тиркелип жөнөтүлүшү шарт.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер