Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Орто-Сайдын үстүндөгү желек турган жерди шаар кылса абдан жакшы болмок”

“Орто-Сайдын үстүндөгү желек турган жерди шаар кылса абдан жакшы болмок”

10-август, 00:10
799 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Борборго жакын аймактарды алсак, айрым айыл чарба багытындагы сугат жерлерге курулуш иштери башталганы туурабы? Азык-түлүк коопсуздугуна залалы тийбейби?

Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу:

-- Эгер айдоо жерлеринин баарына курулуш куруп, там сала берсек, азык-түлүктү чет өлкөлөрдөн сатып жеп калышыбыз мүмкүн. Бул чоң маселе жаратат. Ошон үчүн сугат жерлерди сактап калуунун аракетин азыртан башташыбыз керек. Анткени, суулуу жерлер – жердин кан тамыры. Эгер аларды айдоо жер катары колдонбой, курулуш кура берсек, бара-бара жердин кыртышы өзгөрүп, суу качып, биз күтпөгөн жагдайлар болуп кетиши ыктымал. Ошон үчүн сугат жерлерге абдан кылдаттык менен мамиле кылып, айдоо жерлерибизди сактап калуунун жолун издегенибиз оң. Ошондой эле ирригациялык системага доо кетирбей сактап калуунун жолун таппасак, азык-түлүктү камсыздоо программасына доо кетет. Суу тартылса, эл кете баштайт. Андай аймактарга кайра калкты отурукташтыруу оор болот. Эли качкан мамлекеттин кирешеси төмөндөйт. Ошондуктан айдоо жерлерге аяр мамиле кылышыбыз керек.

Турат Мадылбеков, экс-депутат:

-- Негизи сугат жерлерди сакташыбыз керек. Үй, курулуш курабыз деп атып, акыркы отуз жылда сугат жерлерге дагы курулуштар курулуп кетти. Сугат жерлерди эле эмес, кайракы жерлерди дагы тамчылатып сугарууну колго алсак жакшы болмок. Сугат жерлерге курулуш курганча Орто-Сайдын үстүндөгү желек турган жерде бир канча гектар жер бар, ошол жакты шаар кылса абдан жакшы болмок. Анткени, шаарда элдин саны көбөйдү. Акыркы 15 жылда бүт региондордон ички миграция күч алып, оокаттын айынан борборго келишти. Отурукташуу маселеси жаралды. Жыйынтыгында, сугат жерлерге түрдүү жолдор менен үйлөр салынып, жаңы конуштар пайда болду. Азыркы бийликтин жасап жаткан ишин мурдагы бийликтегилер кылганда, эл борборго агылбай, көпчүлүгү региондордо эле жашамак. Ошондой эле жаңы конуштарды курдурбай бизнесмендерге кабат үйлөрдү курдурганда, айдоо жерлер сакталып калмак. Азыркы бийликтегилер Баткен, Нарын, Талас, Жалал-Абад, Ош, Көлдөн бери көп кабаттуу үйлөрдү курушуп, мыйзамсыз кеткен жерлерди мамлекетке кайрышып, жакшы иш кылып жатышат. Кыскасы, азык-түлүк коопсуздугун эске ала турган болсок, сугат жерлерге этияттык менен мамиле кылышыбыз зарыл. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер