Акылбек Жапаровдун кезектеги популисттик билдирүүсү коомчулуктун кыжырына тийүүдө
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстан 2030-жылга чейин туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетишүү боюнча алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кириши керектигин билдирди. Оптимисттик көз карашта болгону жакшы. Бирок реалдуулукту да карап, “50 өлкөнүн катарынан орун алабыз” десе кичине окшошмок. Апыртмасын карматып, жөн эле урдура берүү кантип болсун? Элди таза кем акыл көрөбү? Айтса эле жараша бербейт да. Кыргызстанга ири инвестиция келбей атса, коррупция тыйылбаса, ишкерлер качып атса, анан кантип өнүккөн 30 өлкөнүн катарына киребиз? Бул жагынан арканды алыс ыргытып, өлкөбүздүн өнүгүүсүн айтканда ишенимдүү аргументтерге, алгылыктуу негиздерге таяныш керек. Улам эле коомчулуктун кыжырына тийип, жомокторду жобурай берүү кимге опо? Өкмөт башчы аз да болсо акыл калчап, популизмден бийик турса...
"Азия Ньюс" гезити