Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстанда аялдар сүннөткө отургузулушу мүмкүн эмес. Министрликтин жообу

Кыргызстанда аялдар сүннөткө отургузулушу мүмкүн эмес. Министрликтин жообу

05-сентябрь, 16:46
330 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Экс-депутат Феликс Кулов саламаттык сактоо министрлигинен жана дин иштери боюнча комиссиядан Кыргызстанда аялдар сүннөткө отургузулушу мүмкүн болгон окуяга көңүл бурууну суранды. Ал социалдык тармактан пост окуганын, анда кызыктай агымдар пайда болгонун жана студент кыз сүннөткө отургузулганын, бул бизде болгон окуя деп жазылганын айткан.

Кыргызстанда аялдарды сүннөткө отургузууга тыюу салынганын саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

"Бизде сүннөткө отургузуу боюнча мындай мыйзамдуу документтер жок. Ал дин үстөмдүк кылган өлкөлөрдө берилет. Биздин өлкөдө аялдарды сүннөткө отургузуу болбошу керек. Мындай операциялар аялдарды майып кылып, укуктарын бузат. Кесепеттери – тырык, инфекциялар, сепсис, заара чыгаруу жолдорунун инфекциялары, айыз учурундагы оору, киста, тукумсуздук жана төрөттүн татаалдашы. Ошондой эле аялды өлүмгө алып келчү коркунучту жогорулатат. Кыргызстанда мындай операцияларды бир дагы медициналык мекеме жасабайт" деп билдиришти министрликтин басма сөз кызматынан.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер