Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Расул Умбеталиев: “Доскул Бекмурзаевдин “чексиз” тарифинен карапайым эл запкы тартат”

Расул Умбеталиев: “Доскул Бекмурзаевдин “чексиз” тарифинен карапайым эл запкы тартат”

04-август, 12:00
512 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Энергетика министри Доскул Бекмурзаев маалымат жыйынында колунда бар жарандар үчүн 1 кВт/саат 5 сом 4 тыйындан төлөнүүчү “чексиз” тариф киргизиле турганын билдирди. Буга кандай баа бересиз? 

-- Энергетика министри лимити жок “чексиз” жаңы тарифин киргизип жатат. Канча пайдаланса ошончо пайдаланууга уруксат берип, 1 кВт/саат үчүн 5 сом 4 тыйындан эсептелүүдө. Мен буга каршы чыгып атам. Кыргызстанда акыркы убакта 13-14 млрд. кВт/саат өндүрүлүп, электр энергия жаатында кризис болуп турган учур. Өзүбүзгө толук кандуу пайдалануу жетишсиз да. Ошонун негизинде Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстандан электр энергия сатып алууга мажбур болуп жатабыз. Импорттун көлөмү өзүнчө аныкталган. Бул жерде лимити жок тарифти киргизсе, байлар электр энергиясын каалашынча колдонуп, үйлөрүнө сауна жактырышат, полдорун каалагандай жылытышат. Толук кандуу колдонушат. Мунун негизинде элге электр энергиянын көлөмү азыраак жетип калат. Карапайым калкка чектөө киргизип, кыйынчылык жаралат. Элдин чөнтөгү жука, 5 сом менен төлөй албайт. Кыш мезгилинде өчүрүп, 5 киловаттан ашык колдонууга тыюу салып коюшат. Ал эми 5 киловатт менен үй жылыбайт. Анан алар көмүр алууга аргасыз болушат. Көмүрдүн түйшүгү көп. Байлар болсо отун алышпайт, күл чыгарышпайт. Жашоо турмушун толук кандуу электр энергиясына өткөрүшөт. 

Доскул Бекмурзаев бир жылдан ашык убакыттан бери энергетика тармагына реформаларды, өзгөрүүлөрдү жүргүзүүнү убада кылып келатат. Жыйынтыгында энергетикалык компанияларды мыйзамсыз жана шашылыш түрдө карапайым акционерлерге зыян келтирип кайра түзүүдө. Эгерде «чексиз» тарифин киргизүү жөнүндө токтомго министрлер кабинетинин башчысы кол койсо, бул элге, мамлекетке каршы чечим болуп эсептелет. Мындан Кыргызстандын калкынын жакыр жана корголбогон катмары гана запкы чегет. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер