Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улуу “Манас” эпосунун асыл нарктары

Улуу “Манас” эпосунун асыл нарктары

20-октябрь, 13:49
600 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолунун контекстинде

5. Эпостогу “туяк” жөнүндөгү даанышмандык

“Манас” эпосунун баш жагында Алтайдагы сан жылкылуу бай Жакып моминтип арман кылып турат:

Жаш күнүмдөн мал жыйдым, 

Бала менен ишим жок, 

Жүргөнүм менин чала экен, 

Дүнүйө ээси бала экен. 

Артыңда бала жок болсо, 

Дүнүйөсү курусун, 

Бузулуп калган калаа экен.

Тутунарга туяк жок, 

Тууганынан айрылган, 

Журтта мендей чунак жок,

Карманарга туяк жок, 

Канатынан айрылган, 

Калкта мендей чунак жок. 

Долоно саптуу айбалта,

Муну толгонтуп ийбей ким аштайт? 

Бу тозуп жүргөн көп журтту,

Томсортпой муну ким баштайт? 

Кара жаак айбалта, 

Муну кайкалатпай ким аштайт? 

Камоодо жүргөн калың журт,

Муну капа бир кылбай ким баштайт?

Жакшылап үңүлсөк, Жакып байдын арманын көркөм шөкөттөгөн бул эпикалык саптарда дегеле бала жөнүндөгү өзүнчө бир философия чөгүп жатат. Бул конкреттүү бир адамдын арманы болгону менен ал арман аркылуу бүтүндөй бир доордун, жамааттын дүйнөгө көз карашы чагылдырылып отурат. Эгерде биз Жакыптын арманына жалпы эле түрк маданиятынын контекстинен карасак, анда анын маани-маңызы ого бетер дааналана түшмөк.

Бала көрбөй, перзенттен көзү катып, бу дүйнөдөн “туяксыз” өтүп бараткан атанын арман-күйүтү чыгыштын, анын ичинде түрк калктарынын фольклорунда арбын кездешет. Теңирден перзент тилеп, көз жашын көлдөткөн, дубана болуп, жер-суу кыдырып зарланган аталардын образдары “Коркут ата”, “Кобланды”, “Алпамыш”, “Муңдук, Зарлык” сыяктуу дастандарда, поэмаларда, түрк элдеринин көптөгөн жомокторунда, уламыштарында, анын катарында кыргыздын далайлаган элдик чыгармаларында таасын жана таасирдүү сүрөттөлөт.

Маселен, “Муңдук, Зарлыкта” туяксыз Жанчаркан “өзүмдөн перзент болбосо, кандык доорум курусун, тоого да бердиң баланы, ташка да бердиң баланы, эй, Жараткан Кудай ай, тындырбадың санааны” деп арман кылып, теңирге зарын айтат.

Түрк фольклорунда баласыз, “туяксыз” атанын айлана-тегерегиндегилер тарабынан кодуланып, өгөйлөнүп кордолгон, тебеленип-тепселген учурлары да аз эмес. Мисалы, “Коркут ата” эпосунда Байындар хан аттуу огуз уруусунун ханы Ала-Тоодой эт кылып, Ала-Көлдөй чык кылып, чоң той берет. Байындар тойго үч түрлүү өргөө тиктирип, “уулдууну ак өргөөгө, уулу жок кыздууну кызыл өргөөгө, баласыз “куу баштарды” кара үйгө түшүргүлө” деп буйрук кылат. Байындар хан тойго келген Дерсе хан аттуу бекти жигиттери менен кара кийиз төшөлгөн, кара желек тагылган кара үйгө киргизип, кара койдун этин тарттырат. Мындай басынткан, кордогон мамилеге чыдабай, катуу ызаланып, кара үйдөн чыга качып, Дерсе хан ичи өрттөнүп, көзүнүн жашын он талаа кылып, үйүнө кайтып келет. Ал эми кыргыздын “Көчпөсбай” аттуу жомогунда чоң тойдо той ээлеринин “балалууга казы менен карта тарт, баласызга какчеке тайдын башын тарт” деп шылдыңдаганы перзентсиз Көчпөсбайга катуу тийип, ал ызасына чыдабай Тору айгырына мине салып, бийик дөбөгө чаап чыгып барып, Кудайга үнү жетип бакырып ыйлайт. Көчпөсбайдын “мурутун булкуп ыргытып, сакалын жулуп ыргытып” ыйлаган арман-күйүтүнүн күчү чыгармада өтө күчтүү көркөм сөз менен берилген: 

Өйдө карап өкүрсө,

Көк айрылып кеткендей.

Ылдый карап өкүрсө,

Жер айрылып кеткендей.

Айланасындагылардын кемсинтип, кыйшык көз менен караганын “Манастагы ” Жакып да сезип-туюп, ичинен түтөйт. Ал:

“Куубаш Жакып атандым.

“Карыды Жакып куубаш” деп, 

Калктын баары мени айтат,

“Катыны жүрөт туубас” деп.

Ботосу жоктон майышып,

Боздоп турдум кайышып” деп жубайы Чыйырдыга бекеринен кайрылып турган жок.

Улуу табият-эне башкасын айтпаган күндө да, бу жарыкчылыкта киши пендесине биологиялык жактан өзүнө окшогон жанды өндүрүү, тукум улоо шыбагасын тартуулаган экен. Түрк калктарынын дүйнө кабылдоосунда табият-эне же улуу Жараткан ыроологон мындай шыбагадан куру калган адам дүйнөдөгү эң бактысыз жан. Көктөгү Теңир өзү аркасын салып, табигый үлүшүнөн ажыратып, куу баш кылып койгон киши айланадагыларга барксыз, сүйкүмсүз. Ал жалбыраксыз, мөмөсүз куураган даракка тете. Экинчи жагынан абай салып карасаң, ар качан тынымсыз кагылыш-кармаштар, согуштар жүрүп турган жоокердик замандарда үй-бүлөдө эркек баланын төрөлүшү бул – зор кубаныч, чоң жакшылык. Ал үй-бүлөнүн тиреги жана ошондой эле жамааттын коопсуздугунун сакчылыгында тура турган жоокер, арка-бел болчу эрен, журтту калкалоочулардын катарына келип кошулуучу чоро. Ал эми мындай коргоочуну, калкалоочу чорону жаратып, жамаатка бербеген ургаачы менен эркек коомдо опосу жок, өмүрү кунарсыз, жашоосу жайдак, беделсиз бейтаалайлар катары санала келген. Жогорудагы мисалдардан көрүнүп тургандай, илгерки түрк адамы мындай тагдырды өзгөчө курч кабылдаган жана ушундай жазмышка кериптер болгону үчүн өксүк комплекси (комплекс неполноценности) менен катуу жабыркаган. Бекеринен кыргызда “Балалуунун багы бар, баласыздын жүрөгүңдө муңу бар” деп айтылбайт. Туяксыз өтүү, илгерки ата-бабалардан бери карай уланып келаткан тукумдун үзүлүшү – бул түрк адамы үчүн чоң трагедия. Артында тукуму жок куу баш пендеге карата кыргыз элинде жана түрк калктарында, «Уулсуз ата – канаты кыркылган куш», «Уулу жоктун мууну жок», “Балалуу үй – гүлүстөн, баласыз үй – көрүстөн”, “Баласы жоктун – ырысы жок”, “Балалуу үй – базар, баласыз үй – мазар” деген макалдар жашап калган. “Эр Солтоной” эпосунда Солтоной баатыр: “Эл-жеримди өмүр өткөнчө душмандан коргойм” деп ант берет. “Антымды бузсам туулбай туна чөгөйүн, туяксыз болуп өтөйүн” деп сөзүн бүтүрөт. Демек, туягы жоктук – Эр Солтоной үчүн эң чоң жамандык, трагедия.


(Уландысы бар) 

Советбек Байгазиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер