Акыркы кабарлар
» Саясат » Иш жүзүндө Россияда сөз эркиндиги жок болду
Иш жүзүндө Россияда сөз эркиндиги жок болду
03-май, 17:14

Москванын Украинага чабуулу башталгандан бери Россияда сөз эркиндигине болгон укук иш жүзүндө таптакыр жок кылынды. Бул тууралуу 3-майда “Чек арасыз кабарчылар” эл аралык өкмөттүк эмес уюму жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигинин жылдык рейтингин чыгарган баяндамасында жарыялады.
Россия 180-орундук рейтингде 150-орундан 155-орунга түштү. Бул – өлкө тарыхындагы эң начар көрсөткүч. “Чек арасыз кабарчылар” уюму мунун себебин Россияда аскердик цензура киргизилип, көз карандысыз басылмалар жабылганы жана журналисттерди куугунтукка алган мыйзамдардын кабыл алынганы менен түшүндүрдү.
Рейтингде Украина 97-орундан 106-орунга түштү. Уюмдун эксперттери орус баскынчылыгынан кийин бул өлкөдө да сөз эркиндиги кыйын абалга кептелгенин белгилешти. Медиа дайыма Россиянын күчтөрүнөн кооптонууда турат, орус аскерлери кайтарып турган аймактардагы басылмалар Кремлдин пропагандасын жайылтууга өткөн. Украин бийлиги туура эмес маалыма берет деп эсептеген бир нече медиалар жабылган.