Акыркы кабарлар
» Саясат » 15 миң сомдон айып пулдар келе баштаганда, чөнтөгү жука катмар көтөрүлүп кетпейби?
15 миң сомдон айып пулдар келе баштаганда, чөнтөгү жука катмар көтөрүлүп кетпейби?
21-март, 11:30

Ишкерлерге багытталган ККМ салыгы талкууга алынып, митингдер уланып, тынчыбай жатканда айып пулдар көтөрүлүп, эми айдоочулар жол эрежесин бузушса, орто эсеп менен 15 миң сомдон төлөшөт. Бул жагынан нааразычылык күч. Биздин байкообузда, качан гана 15 миң сомдон айып пулдардын кагазы үйлөрүнө келе баштаганда, чөнтөгү жука катмар ызы-чуу салышпайбы? Ушул жагынан калк ичинде чыңалуу болуп турганын эскертип коймокчубуз. Мыйзамды артка кайтарып, жалпы айдоочуларга жеңилдетилген айып пулдарды карап көрүшпөйбү? Турмуш чындыгы ушундай. "Азия Ньюс" гезити











