Бакиевдин жыдыбаган жасоолу Бакыт Төрөбаев кайрадан шайлоого башын тыкканда
“Эски малдын көзүндөй” көрүнүп, терс каарманга айланган бирөө бар. Бакиевдин кандуу режиминде Бакыт Төрөбаев “Акжол” партиясы аркылуу депутат, кийин өзгөчө кырдаалдар министри болгон. Кылмыштуу кландын жакын кадры эле. 2010-жылдагы Апрель төңкөрүшүнөн соң Өмүрбек Бабановго жабышып, “Республика” аркылуу парламенттен жылуу орун табат. 2015-жылы өзү ирденип, “Өнүгүү-Прогресс” партиясын түптөп, кайрадан тилектештери менен мандат алганы белгилүү. Атамбаевдин, Жээнбековдун бийликтери тушунда аларга кошомат сөз айтып, сынга кабылганы эсибизде. Ал эми Октябрь төңкөрүшүнөн бери жаңы бийликтин жылуу койнунан орун табалбай, бирок колдоочу катары жүргөнүн байкадык. Ушу кезде Бакыт Төрөбаевдин “Өнүгүү-Прогресси” шаардык кеңештердин шайлоосуна аттанып, кайрадан саясый үйүргө кошулуу дымагын көрсөтүүдө. Он беш жылга жакын убакыттан бери убаданы урдуруп келаткан эргулубуз эмнени кыйратты? Тек гана курулай акылманданып, калп мактамай сөздөрдү көп айтканы менен реалдуу турмушта элдин жүгүн көтөрө албаганын кантебиз? Качанкыга чейин элди алдай берет? Шаардык кеңештен жакындарын өткөрүп алса, андан ары парламенттик шайлоодо адатынча бакылдап, ууру-кескилердин тобу аркылуу өнөрүн көрсөтөбү? Кайран элибиздин шору көп экен да...
"Азия Ньюс" гезити