Куса болуп тургам, жолукпай коё албадым...

Сыртка чыксам, кучак толо розасын көтөрүп, эч нерсе болбогондой жылмайып турат. Жолуктук, “эмне үчүн?” десем, «просто» деп койду. Ал күнү машинасы менен кечки Бишкекти айланып жүрдүк. Сүйлөшүп отурдук, сейилдедик. Бир маалда машинасындагы сүрөттөргө көзүм түштү. Эрмек башка кыз менен кучакташып түшүптүр.
-- Ай-ий, бул кыз ким? - деп сыр берген жокмун. Өзүнө жараша сезимге алдыргым келчү эмес.
-- Айпери, ал экөөбүз жакында үйлөнгөнү жатабыз.
-- Куттуктайм, бат эле табышып калгансыңар го?
-- Ата-энем тааныштырды. “Жакшы кыз” деп жатышат.
Кармана албай калдым. Ушул кезге чейин айта албаган сөздөрүм чыгып кетти:
-- Анда мени менен эмнеге жүрдүң? Мен киммин сага?!
-- Сен жакшы кызсың... - болду, башка эч нерсе дебеди.
“Мени алдап жүрдүңбү?” деп да айта албадым. Анткени ал мага эч нерсе деп сөз берген эмес. Нервим чыңалып чыкты, чогуу өткөргөн бактылуу күндөрүм шурудай алдымдан тизилип өтүп, көз жашыма ээ боло албай калдым. Үн-сөзсүз ыйлап отуруп бердим. Ошол биздин акыркы жолугушуубуз болду.
Арадан эки жыл өтүп, эми өзүмө келип жаткандагым эле. Эми кайра минтип пайда болгонуна түшүнбөй турам. Угушумча, ал кызга деле үйлөнбөптүр. Мени эстегенинин себебин аңдай албай башым катты. Бир билгеним, жүрөгүм дагы деле кабынан чыкчудай согуп турат...
Айтолкун
"Азия Ньюс" гезити