Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » 2020-жылдагы “каргашалуу июль” окуяларын кароосуз, жоопсуз калтырууга болбойт

2020-жылдагы “каргашалуу июль” окуяларын кароосуз, жоопсуз калтырууга болбойт

22-январь, 20:49
2 384 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровго) 

Урматтуу Садыр Нургожо уулу!

“Буканы мүйүзүнөн карма” дегендей, сөздү ток этер жеринен баштайын. Мен белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Чыныбай Турсунбековду адам катары да, саясатчы катары да, акын катары да жакшы билчүмүн. Каргашалуу июль күндөрүндө анын өтүп кетиши баарыбыз үчүн күтүүсүз окуя болду. Ушул окуянын өзү Кыргызстан бул апаатка даяр эмес экенин кашкайта далилдеди. Эл боо-боо түшүп, апааттан кырылып жатты, бирок, президент да, премьер-министр да элге кайрат айтып, бир ооз дем берип, көпчүлүккө баш-көз болуп, пандемия учурунда идеология жүргүзгөнгө жарай албай койду. Менчик бейтапкалар ачылып, демилгечил инсандар аракет кылышып, эл өзүн өзү колдоду. Ошол учурда дары табылбай, табылса да 10-15 эсе кымбат сатылды. Президент Жээнбеков ошондо элдин назарынан калды. Соцжеледе эл эмне деп гана каргап-шилеп жазбады? Элдин каргышы деле жетти окшойт ага...

 Кесиптешим, калемдеш курбум Чыныбай Турсунбековдун кызы жаны күйгөнүнөн каргашалуу июль окуялары боюнча бир эмес, бир нече жолу чырылдап чындыкты айтып жатса да, анын жазганына кайдыгер карап, колдоп койгон бир да киши болбогонуна жаным кейип, аргасыздан жазып жатам. Мен мурда да бул маселе боюнча жазгам, кайрылгам. Ырасында эле ошол “каргашалуу июль” күндөрү Кыргызстан адам өлүмү боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкканын бийликтегилер бурмалап коюшту. 

 Бул апааттуу, каргашалуу оор күндөр боюнча эмне үчүн эч ким жооп бербейт? Талуу маселе эмне үчүн мамлекеттик деңгээлде каралбайт? Коопсуздук кеңешинин март айындагы жыйынында бир да киши пандемия менен көз жума электе министр Космосбек Чолпонбаев, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова иштен алынып, “курмандыкка” чалынган? Ал эми каргашалуу июлда эл кырылып жатканда министр Сабиржан Абдикаримов, вице-премьер-министр Аида Исмаилова баш болуп эч ким жооп берген жок. Бул эмне деген эки жүздүү саясат? Эгер эч ким жооп бербесе, элдин ал-жайын биле турган, сурап ала турган мамлекеттик уюм жок болсо, анда “элге, мамлекетке кызмат кылам” деп ант берген мурдагы президент Сооронбай Жэээнбеков жооп бериши керек да! 

 Ошол учурда дары-дармектердин баасы ай асманды чапчып кымбаттады. Дары саткан компаниялар жүз эсе байыганы тууралуу жазгам, башкасын айтпаганда да, азыр 5 сомдон сатылып жаткан беткаптар жайында 20 сомдон төмөн түшкөн эмес. Ошол учурда мамлекеттик бийликтин баардыгы, финпол баш болуп бул ээнбаш көрүнүшкө кайдыгер, билмексен таризинде карап отурушкан. Бийликтеги коррупционерлер ошондой кыйын учурда да дары-дармектен “бизнес” жасаганын ушул окуялар көзгө сайгандай эле көрсөтүп, далилдеп жатпайбы?

Жайында 20 сомдон сатылып, бүгүн 5 сом болуп жаткан беткаптардын сыры эмнеде? Кечээ алтындын буусун жалатышты беле? Асмандаган көптөгөн дарылардын сыры кайда? Эмне үчүн дары саткан фирмалардын жоопкерчилиги каралбайт? Бу Кыргызстанда мыйзам болобу? Же мыйзам бузган коррупционер чиновниктердин, кара курсагынан башканы ойлобогон шылуун шопурлардын деңгээлиндеги “саясат” жүрө береби? Кыргыз мамлекетиндеги баа саясатындагы “кереметтерди” териштирүүңүздү өтүнөм! 

Кандай жаман айтышып, айып тагышса да Жогорку Кеңештеги айрым депутаттардын уяты бар экен, Аида Исмаилованы “каргашалуу июль” күндөрүнө жооп бересиз” деп министрлик кызматка өткөрбөй коюшту го! Муну расмий “жазалоо” катары карасак болот!

Урматтуу Садыр Нургожо уулу! 

Кыргызстандын тарыхына кире турган 2020-жылдагы “каргашалуу июль” окуяларын кароосуз, жоопсуз калтырганга болбойт. Эгер сиз да бул маселеге кайдыгер карай турган болсоңуз, тарых алдында жооп берип калышыңыз мүмкүн. Миңдеген адамдар бийликтин кайдыгерлигинен набыт болушту! Бул улуттук трагедия болду! Бир эмес, эки жолу саламаттык сактоо министри болгон Сабиржан Абдикаримов Кудайдын эрке баласыбы? Вице-премьер-министр Аида Исмаилова, өкмөт башчы Кубатбек Боронов, президент Сооронбай Жээнбековдордун жоопкерчилиги бул трагедиялуу окуя боюнча териштирилип, мыйзам чегинде каралышы керек!

Албетте, ириде бийликтин аброюн көтөрүү парз. Ал үчүн Атамбаев, Жээнбековдор кетирген орой, саясый каталарды оңдоп, андан арылышыңыз зарыл. Ошол кара курсактын кулу болушкан, жеке амбицияларын элдин, мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору коюшкан президенттердин айынан Кыргызстан ушул трагедиялуу абалга келип отурат. 

“Каргашалуу июль” окуялары – жалпы кыргыз элинин трагедиясы. Агездеги бийликтин жоопкерчилиги, андагы эпидемиологиялык кырдаалдын калыс, көп жактуу изилденип, бийликтегилер жеген гуманитардык жардам, медициналык жана башка маселелер боюнча адилет чечим чыгарылышын сурайбыз.


Сизди урматтоо менен 

Жусуп Баласагын атындагы КУУнун доценти Аскар Медетов 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер