Бакыт Дегенбаев: “Карантин – өндүрүшчүлөрдү тыкан болууга, ыкчам иш алпарууга үйрөттү”
-- Cиз өзүбүздүн өндүрүшчүлөргө жол көрсөтүп, колдоп келесиз. Азыр бул жааттагы жергиликтүү тармактарга элибиздин мамилеси кандай?
-- “Өзүбүздүкүн сатып ал” (“Покупай кыргызское”) тобун жана кыймылын баштаганыма беш жыл болуп калды. Жаңы баштагандагы убакытты жана азыркы күндөрдү салыштырганда, айырма асман менен жердей десем жаңылбайм. Мурун “кыргыз ушуну же тигини чыгара алмак беле? Бизде ушул болмок беле?” деген өзүбүздү кемсинтүү учурлары көп болсо, азыр жагдай такыр башка. Бүгүнкү күндө мактанып, сыймыктанып, “колубуздан көп нерсе келет турбайбы” деп калдык. Андан бери өндүрүшчүлөр кыргыздын балын дүйнө жүзүнө таанытышып, чоң ийгиликтерге жетишишти. Төө буурчагыбыз 35 мамлекетке экспорттолууда. Алтургай өндүрүшчүлөрүбүз “унаа чогултуп чыгарабыз” деп турушат. Жарандарыбыздын аң-сезими бир топ эле өзгөрдү. Базарга, дүкөндөргө барганда биздин товарларды биринчи издешет, андан кийин башкасын карайт. Анткени баардыгы түшүнүп калды, өзүбүздүкүн колдобосок, өнүгүү болбой турганын. Ар бир жаран – инвестор. Биздин ар бир сатып алууларыбыз – экономикага болгон инвестицияларыбыз. Бир буюм сатып алсак, бир жумушчу орун сакталып калат. Күн сайын сатып алып турсак, анда экономиканын туруктуу өнүгүшүнө себепкер болобуз.
-- Аткаруу бийлиги тарабынан кандай камкордуктар көрүлүүдө?
-- Биздин бийликтеги жетекчилер дагы бул жагын түшүнүштү. Азыр байкасаңыз, ар бир кабыл алынган программалардын негизинде өзүбүздүн өндүрүшчүлөрдүн өнүгүүсү турат. Бул өтө чоң коңгуроо (ишарат). Демек, беш жылдын жыйынтыгында калкыбыздын жана өлкө жетекчилеринин аң-сезимдери терең өзгөргөнүнөн экономикабыздагы өзгөрүүлөрдөн байкасак болот. Бул мени өтө кубантууда. Өз максатыма жеттим. Максатка жеткен соң, учурда ичиме бакыт толуп, өзүмдү бактылуу сезип турам.
-- Пандемия баардык тарапка терс таасирин тийгизди. Карантинден кийин өндүрүшчүлөрдүн абалы кандай?
-- Чынында биздин өндүрүшчүлөрүбүздү карантин өтө оор абалга алып келди. Нан, ун, сүт өндүргөн тармактардан тышкары, калган баардык тармактар жабыр тартты. Азыр карантинден кийин баардыгы аракет ичинде. Бизнести сактап калуу, мурунку деңгээлге чыгуу, жумуш орундарды сактоо зарыл. Көйгөйлөр жана аткарыла турган иш-чаралар дагы көп. Аралыктан иштегенди көрдүк. Кээ бир мекемелер “кеңсеси жок деле иштесек болот турбайбы” деген ойго келишти. Карантин бизди тыкандыкка, ыкчам кыймылдап, тез чечим кабыл алганга үйрөттү. Интернеттин керектигин жана күчүн көбүрөөк билип калдык. Пандемия жалпысынан өз өндүрүшчүлөрүбүздү өнүктүрүш керектигин да түшүндүрдү. Өндүрүшчүлөрүбүзгө баа берсек болот, анткени беткап, антисептик сыяктуу буюмдарды бир айга жетпеген мөөнөттө даярдашып, коомдо болгон паниканы басаңдатышты.
-- Өндүрүшчүлөр боюнча дагы кандай идеяларыңыз бар?
-- Идеялар өтө көп. Бул жылдан тарта экспорт менен жаш балдардын билимин жогорулатууга багыт алган долбоорлорду баштаганы турам. Буюрса анын дагы натыйжасын жакынкы убакытта көрүп калабыз. Ал эми “Өзүбүздүкүн сатып ал” тобу өз ишин уланта берет. Ал долбоор ичинде дагы бир канча кызыктуу идеяларыбыз бар. Алар тууралуу жасагандан кийин айтып берсем туура болот го. Негизги максатыбыз – өндүрүшчүлөрүбүздүн өнүгүүсү, жалпы өлкө экспортун өнүктүрүү, мамлекет тарабынан көбүрөөк колдоо алуу, билим жана илим дараметибизди жогорулатуу.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити