Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сейил Карыбекова: “Пандемияда жакын адамдарымды жоготтум, жүрөгүм тилинет”

Сейил Карыбекова: “Пандемияда жакын адамдарымды жоготтум, жүрөгүм тилинет”

24-июль, 13:08
1 021 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүнкү маектешим «Пирамида» телеканалынын редактору, журналист кызыбыз Сейил Карыбекова. Ар бир таңда Ковид-19 боюнча акыбалды тааныштырууну Сейилдин алып баруусу менен күбө болобуз. 


-- Акыркы акыбалды күтүп көрөбүз. Өзүң кандай сезимдерде болосуң?

-- Албетте, күндө эртең менен дагы канча мекендешибиз ооруну жуктуруп алганы тууралуу маалыматты угуу, анүстүнө бул маалыматты ыкчам түрдө элге жеткирүү оңой эмес (моралдык, психологиялык жактан алганда). Бирок “өткөн сутка ичинде мынча киши каза болду, анын ичинен баланча медик” деген санды угуу андан да кыйын. Алардын жакындарын, туугандарын абдан жакшы түшүнүп турам, анткени бул пандемиянын башталышынан бери менин да чоң атам жана чоң таежем дагы өтүп кетти. Албетте, бул ар бирибиз үчүн орду толгус чоң жоготуу болду. Эстеген сайын жүрөгүм тилинет. Брифингге келген ар бир спикердин өзүнүн милдети бар: бири каржы маселеси тууралуу сөз кылса, башка аткаминери аткарылган иштер тууралуу айтып берет. Бирок баарынан дагы саламаттык сактоо министрлигинин маалыматын угуу кыйын, себебин жогоруда айтып кеттим окшойт. Чынында, бул көз жумган адамдардын баары дагы көп жылдар бою бакубат өмүр сүрүүгө укуктуу эле го, тилекке каршы, жаман илдетке чалдыгып, арабыз азая түшкөнү өкүндүрөт.

-- Турмуш көз алдыбызда уланып жатат. Эмнелер жүрөгүңдү оорутат?

-- Кандай болсо дагы, бийликтегилер элге ачык-айкын маалымат берип, элдин башын айлантпай, ак иштесе экен деген тилегим бар. Ушундай кыйын күндө элдин түйшүгүн эмес, өзүнүн капчыгын ойлогон адамдардын иш-аракеттери жүрөгүмдү андан да оорутат. Кантсе да, Кыргызстаныбыз гүлдөп-өнүгө берсин! Келечек жаштардын колунда! Бул күндөр да өтүп, асманыбыз ачык, маңдайыбыз жарык күндөр алдыда деген үмүттө жашап келем…

-- Жеке жашооң боюнча да ой бөлүшө кетсең...

-- Бойдокмун, ата-энем менен Бишкекте турабыз


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер