Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жапаров электр энергиясынын болжолдуу тарифин жарыялады

Жапаров электр энергиясынын болжолдуу тарифин жарыялады

21-апрель, 21:34
619 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Президент Садыр Жапаров энергетиктерге 700 кВт/сааттык чектөөнү алып салуу боюнча тапшырма берди. Бул маалымат Жапаровдун Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

Анда айтылгандай, 2022-жыл «Энергетика жылы» деп жарыяланып, атайын иш-чаралардын тартиби белгиленет. Электр энергиясынын тарифи турмушу начар, жакыр үй-бүлөлөргө 74 тыйындан болуп, чектөөнү алып салуу каралып жатат. Учурда 110 миң жакыр үй-бүлө бар. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен энергетиктер биргелешип тактап чыгышса, бул тизме дагы көбөйүшү мүмкүн экени жазылат. Тоолуу жана шарты катаал райондорго 1 сом 04 тыйындан берилип, чектөө толук алып салынат. Ал эми жашоо-турмушу жакшы үй-бүлөлөргө 1 сом 48 тыйындан сатуу сунушталып жатат.

«Чектөө алынат. Бирок суунун тартыштыгына байланыштуу ушул категориядагыларга кыш мезгилинде 1000 кВт/сааттан ашса 2 сом 29 тыйындан болсун деген сунуштар бар. Бул бүгүнкү күндөгү электр энергиянын өздүк наркы. Сууну толтуруп алсак, кийин чектөөнү алып салабыз. Азыркы тапта суунун көлөмү жогорулай баштады. Ушул кадамдарга барганыбызда гана биз 2025-жылга барып энергетикалык кризистен чыгат экенбиз» дейт Жапаров.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер