Акыры Жусупбек Коргонбай уулу 500 миллион сом “кусканы” калды окшойт

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге парламенттен Жусупбек Коргонбай уулу бир топ айыптоолорду айтып, катуу сүйлөгөн. Кылмышкерге теңегендей образ жаратып салган эле. Мыйзамсыздык, коррупция, дээрлик ыпластыктар орун алганына чейин жар салганычы? Көп өтпөй Алымкадыр Бейшеналиев үн катып, анын айткандары калп экенин билдирип, каралоо катары сыпаттап, ачууланганы ырас. Ошого катар моралдык зыянды 500 миллион сомго баалап, сотко бергенин да шардана кылган. Тараза ташы министр тарапка ооп, Жусупбек Коргонбай уулу артка чегинип, мандатын тапшырып кетүүгө аргасыз болду. Дагы башка былыктары да айтылууда. Эми ток этерине келсек, жыйынтыгы кандай тамамдалат? Экс-депутаттын айткандары “жел сөзгө” айлангандан кийин, сотто Алымкадыр Бейшеналиев утары шексиз. Ал 500 миллион сомду өндүрүп, оорукана саларын жар салган. Каржалып турган көпчүлүк мындай идеяны колдойт эмеспи. Демек, бул максаттуу план ишке ашат. Цивилдүү түрдө Жусупбек Коргонбайды “кустуруу” ишарасы жүзөгө ашчудай. Эгерде кежеңдесе мүлктөрүн камакка алуу, андан ары кылмыш ишин козгоо вазыйпасы жанданат. Ошентип, саясатка кокусунан келген дагы бир алакөөдөн чалынды. Эсебин колуна берип, эл алдында абийирин төккөнү калышты окшойт. Бийликтин укуругу узун да...
"Азия Ньюс" гезити