Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ковид күчөп, өлүкканага күнүнө жүздөгөн адамдын сөөгү жеткирилүүдө

Ковид күчөп, өлүкканага күнүнө жүздөгөн адамдын сөөгү жеткирилүүдө

14-сентябрь, 11:45
1 550 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ашхабаддагы өлүкканага күн сайын коронавирустан өлгөн жүздөгөн кишинин сөөгү жеткирилүүдө. Бул тууралуу "Азаттыктын" түркмөн кызматы шаардын саламаттык сактоо мекемелериндеги өз булактарына таянып кабарлады.

Маалыматка караганда, 10-сентябрда шаардын Чоганлы районундагы өлүккана 200дөн 300гө чейин адамдын сөөгүн кабыл алган.

Жергиликтүү тургундар мүрзөлөрдө жай казууга адамдар жетишпей, экскаваторлор иштеп жатканын билдиришүүдө. Алардын айтымында, коронавирустан үйүндө каза болгон жарандар өлүкканаларга жеткирилбестен эле дароо жерге берилүүдө. Алардын сөөктөрү желим баштыктарга оролуп, тажияларына эч ким катыштырылган жок.

"Азаттыктын" түркмөн кызматынын кабарчылары менен өз булактары билдиргендей, коронавирусту аныктоо тесттери өлкөдө COVID-19дун "дельта" штаммы бар экенин көрсөтүүдө.

Адамдардын өлүмү аймактарда да көбөйүп, коронавирустан бир үй-бүлөнүн бир нече мүчөсү каза болгон учурлар да катталууда. Ооруканадагы тесттин жыйынтыктары алардын баарында COVID-19 бар экенин ырастаган.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер